Баткен облусунун Кадамжай районунда 10 күн аралыгында 4 өрт кырсыгы катталган. Анын ичинен бир трансформатор күйүп кеткен.
Өрттөрдүн келип чыгуу себеби такталууда.
Бул тууралуу Кадамжай райондук өрткө каршы мамлекеттик кызматынан кабарлашты.
Белгилей кетсек, кечээ, 10-январь күнү Кадамжайдагы «Баяман баатыр» базарынан өрт чыгып, 1 соода түйүнү толук күйүп, 2 контейнерге өрт тутанган.
Катталган өрт кырсыктарынан адам өлүмү болгон эмес.
Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы