КЫРСЫК

Түтүнгө ууланып, адам каза болду

el_kdm_00116-ноябрь күнү таңкы саат 5 тер чамасында  Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Сухана участкасында турак үйдөн өрт чыккан. Натыйжада, түтүнгө ууланып, үйдүн ээси 1940-жылы туулган Сайдахмедов Маруф каза болду.

Бул тууралуу Кадамжай райондук өрткө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери Шерзат Валиев билдирген.

Турак жайдагы өрт  таңкы 6 ларда өчүрүлдү. Кырсык колдо жасалган жылыткычтын айынан келип чыккан.

Өрткө каршы кызматы кыш мезгилинде жылыткычтарга көз салууну эскертет.

«Эл жарчысы»

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы