Анын сөөгү Мединага коюлду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты.
1939-жылы туулган, Баткен облусунун Кадамжай районунун Ормош айылынын тургуну Иса Жолдошев бир аз сыркоолоп, 14-октябрда көз жумган. Ажылык-2012 боюнча республикалык штаб тарабынан зыяратчы аксакалдын туугандарына дароо кабар берилип, алардын уруксаты менен маркумдун жаназасы окулуп, Мадинага коюлду.
Маалым болгондой, Мадина мусулмандар үчүн эң ыйык делген эки шаардын бири болуп эсептелет. Быйыл ажылык сапарга Кыргызстандан 4,5 миңдей зыяратчы кеткен.
Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы