2013-жылдын 10 ай ичинде Кадамжай районунун аймагында 120 жол кырсыгы катталып, каза болгону 18, 182 адам ар түрдүү жарааттарды алышкан. Ал эми жаш балдар арасында 20 жол кырсыгы катталып, 26 бала денелеринен ар турдуу жарааттарды алышкан.
2013-жылдын 18-октябрь күнү саат таңкы 5,30 чамасында Кадамжай районунун Алга айылы аркылуу өтүүчү Баткен-Пүлгөн автожолунун 82-чакырымында Баткен тарапты карай асфальт жолдо Баткен районунун Карабак айыл өкмөтүнүн Кызылбел айылынын тургуну Умарбаев Махаммад өзүнүн БМВ-5Х үлгүсүндөгү м-б S4057AG сандуу автоунаасынын жанында турган мезгилде Пүлгөн багытын көздөй бара жаткан ушул эле айылдын тургуну Рахматуллаев Алишер өзүнүн Мерседес-Бенц-212 үлгүсүндөгү м-б О6236АХ сандуу автоунаасынын сол капталы менен уруп кеткен.
Натыйжада БМВ-5Х автоунаасынын айдоочусу Умарбаев Мухамад денесинен алган жарааттан улам, Баткен ооруканасында каза болгон. Ал эми 2013-жылдын 22-октябрь күнү саат 14,30 чамасында Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүнүн Ноогардан айылы аркылуу өтүүчү Пүлгөн-Баткен автожолунун 18-чакырымында Кадамжай районунун Актурпак айыл өкмөтүнүн Өрүкзар айылынын тургуну Ташбеков Абдураим өзүнүн ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү автоунаасы менен батыштан чыгышты карай бара жатып, карама-каршы тарапта келе жаткан Кызыл-Кыя шаарынын Масалиев көчөсүнүн жашоочусу Талипов Жеңишбек Салыевич башкарган Фолсьваген-Венто үлгүсүндөгү автоунаасы менен кагылышып кеткен. Натыйжада А.Ташбеков денесинен алган оор жарааттан улам, каза болгон. Калган автомашиналардагы жүргүнчүлөр жана кагылышкан наркы машинанын айдоочусу Кадамжай аймактык ооруканасына жеткирилген.
15 күн ичинде 19 мас айдоочу кармалган
№ |
Айдоочунун аты жөнү |
Жашаган жери |
Автоунаанын үлгүсү |
Автоунаанынм-б |
1. |
Адилов Абдинаби |
Ноогардан |
Х-Портер |
О 7398 АВ |
2. |
Маккамов Сапарбек |
Ноогардан |
Х-Портер |
О 7398 АВ |
3. |
Дадаисаев Додиса |
Айдаркен |
Бмв-318 |
А 2484 А |
4. |
Ирисов Мухидин |
Халмион |
А-100 |
В 7468 L |
5. |
Мамыржан у Нурполот |
Кызыл-Булак |
Д-Тико |
0 3173 R |
6. |
Тешебаев Айбек |
Кадамжай |
Д-Тико |
В 7770 АВ |
7. |
Шамшиев Бурханидин |
Көк-Талаа |
Х-Одиссей |
Е 4151 С |
8. |
Маматкулов Шерали |
Айдаркен |
Х-Портер |
О 4854 ВА |
9. |
Базарбаев Данияр |
Кызыл-Булак |
Х-Фит |
S8613 N |
10. |
Асилов Диер |
Халмион |
Иж-Планета-5 |
2305 ОшА |
11. |
Эргешов Мурзат |
Охна |
Д-Тико |
А 5733 К |
12. |
Адырбаев Сапарали |
Охна |
Мазда |
В 7605 V |
13. |
Маматалиев Данияр |
Марказ |
Д-Тико |
Z8870 В |
14. |
Вахидов Абдували |
Айдаркен |
Д-Ланос |
Z2972 Z |
15. |
Пахриев Токтомат |
Жал |
Д-Тико |
D 0066 С |
16. |
Киргизбаев Эргешали |
Пүлгөн |
Д-Тико |
Z 3741 Z |
17. |
Ташбеков Юлдашбай |
Марказ |
Д-Дамас |
О 8495 I |
18. |
Калмурзаев Авазбек |
Кызыл-Булак |
Д-Ланос |
0 3375 I |
19. |
Кулмурзаев Камил |
Пүлгөн |
Д-Тико |
А 4197 А |
«Эл жарчысы»