Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан көзөмөл иретинде Кыргыз Республикасынын “КРнын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча Орозбеков айылдык кеңешине текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүү мезгилинде Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан 2011-жылы 17, 2012-жылы 20, 2013-жылдын 1-кварталында 10 токтом кабыл алгандыгы такталды. Бирок, Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан 2011-2012-жылдардагы жана 2013-жылдын 1-кварталында кабыл алынган ченемдик укуктук актылары КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилбегендиги аныкталды.
Башкача айтканда, КРнын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы 184 сандуу токтому менен бекитилген “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө” типтүү жобонун 3- жана 6- пунктарында “Шаарлардын айылдык кеңештердин токтомдордун-айыл өкмөтүнүн жана шаардык кеңешинин аппараты каттайт, ченемдик укуктук актылардын көчүрмөлөрү аларды каттаган органдар тарабынан мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жүзүндө жана электрондук түрүндө, жарыяланган булагы көрсъөтүлүү менен КРнын Юстиция министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүктөрүнө ченемдик укуктук акты жарыяланган күнү жөнөтүлөт” деп көрсөтүлгөн талаптары одоно түрдө бузулган.
Орозбеков айыл округунун аппаратынын айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдорду каттоо боюнча иш жүргүзүүчү тийиштүү кызматкери өз милдетин так аткарбай, кайдыгерлик мамиле жасап, ал эми аталган айыл округунун башчысы кызматкерлерин так жана өз убагында иш алып баруусуна жеткиликтүү деңгээлде көзөмөл жүргүзүлбөгөндүктөн, жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам бузуу болгон.
Андыктан, көрсөтүлгөн мыйзам бузуучулуктарды кыска мөөнөттүн ичинде четтетүү зарыл.
М. Жапаров
Кадамжай районунун прокурору