КООПСУЗДУК

Жоголгон автотетиктер үчүн, аскер кызматкери жоопко тартылды

Мекенди коргоочулары арасында да кылмыш иштери болуп келет.
Баткен облусунун Баткен районунун Төрт Гүл айылында жайгашкан 2022 сандуу аскер бөлүгүндө соотанкалык жана автоунаалар кызматынын автотетиктер кызматынын автоунаалар кампа башчысы старшина Салпиев Уланбек Камилбекович кылмыш ишин жасоо жолуна түшкөн. Тактап айтканда, 2010-жылдын 13-апрелинен тартып 2022 сандуу аскер бөлүгүнүн автоунаалар кампа башчысы болуп туруп, аскердик мүлктү сактоонун тартибин бузуу менен өзүнүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган. Коргоо министринин 105-буйругунун 61-статьясынын талаптарын одоно түрдө бузуп, кампага келип түшкөн автотетиктерди туура пайдаланбай, белгиленген эсептүүлүктү жана отчётту туура жүргүзгөн эмес.
У.Салиевдин мыйзамсыз аракетинин натыйжасында 2022 аскер бөлүгүнө жалпы суммасы 100 185 (жүз миң бир жүз сексен беш) сом 78 (жетимиш сегиз) тыйынды түзгөн материалдык зыян келтирген. Ошондой эле, аскер бөлүктүн ыкчам жана тез аракеттерге даяр болуу жана согушка жөндөмдүүлүгүнө олуттуу зыян келтирилип коомдун жана мамлекеттин мыйзам тарабынан корголгон кызыкчылыктары бузулган.
Кылмыш иши козголуп, келтирилген зыян төлөнтүлүп алынган. Аталган кылмыш иши, аскердик сотуна өткөрүп берүү алдында турат.

Ж.Мырзаканов
Баткен горнизонунун аскер прокурору, Юстициянын майору

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы