Кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн башкы башаты мектептен башталат. Ошондуктан жаш өспүрүмдүргө татыктуу таалим-тарбия берүү ата-эненин, мугалимдердин, тартип сакчыларынын жана коомчулуктун негизги милдети. Анткени өлкөбүздө акыркы жылдарда мектеп окуучуларынын арасында кылмыштуулук көп болуп жатканы баарыбызга маалым.
Эгемендүү мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшү үчүн, келечек ээлерин оң жолго тарбиялоодо, Кадамжай РИИБнин Айдеркендеги Р.Нийматов атындагы ички иштер бөлүмчөсүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында да бир топ иштер аткарылып жатат. Бүгүнкү күндө Айдеркен аймагында, 11380 жаш өспүрүмдөр каттоодо турат. Алардын 4363 мектеп окучуулары. Ошондой эле 10 мектеп аталган инспекциянын көзөмөлүндө. Тактап айтканда мектептер менен тартип сакчылары тыгыз байланышта иштеп келет.
Өткөн жылы Айдеркенде окуучулар арасында өзүн-өзү өлтүрүү боюнча 3 кылмыш иши катталган. Ушундай кылмыштуулука жана мектеп рекетчилигине каршы күрөшүү максатында, быйылкы жылы тартип сакчылар ар бир мектепке барып, тарбиялык мааниде 84 жолу лекцияларды окушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Андан тышкары маданият сарайында «Биз достукка күчтүүбүз, мектеп рекэтине жол бербейбиз» деген аталыштагы иш чара өткөрүлдү. Бул иш-чаранын негизги максаты улуттар арасындагы кагылышууга жана мектеп кылмышына бөгөт коюу болуп эсептелинет. Анткени аталган аймакта төрт улуттун өкүлдөрү жашашат. Ушул эле иш-чаранын негизинде, мектептер арасында спорттук оюндар уюштурду. Белгилей кетчү нерсе, башкы байгелерди, милиция кызматкерлери өздөрү каржылаган. Ошондой эле жакында №20 мектепте «Кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана алдын алуу»-деп аталган семинар болуп өттү. Семинарга районубуздагы 83 мектептен келген мугалимдер, айыл аксакалдары жана айыл округунун кызматкерлери менен тартип сакчылары катышышты. Таасирдүү лекциялар окулган бул жыйында, келечек ээлерине тарбия берүүдөгү маселелер талкууланып, бир топ манилүү сөздөр айтылды. Ошону менен бирге ар бир мектепте активдүү окуучулардан уюушулган «жаштар борборлору» иштеп жатат. Бул борборлордун максаты тартип сакчыларына жакындан жардам берип, мектептеги жана окуучулардын арасындагы тынчтыкты сактоо болуп саналат.
Быйылкы жылы жогоруда аталган иштерди уюштуруп, тынымсыз эмгектенүүнүн натыйжасында, аталган аймактагы жаш өспүрүмдөр арасында эч кандай кылмыш иштери катталган жок.Бул да болсо, жетишкен ийгилигибиз.
Урматтуу ата-энелер балдарыңыздардын мектептеги окуусуна, тарбиясына, эмне иш менен алектенип жүргөнүнө көңүл буруп, мугалимдер менен тыгыз байланышта болсоңуздар.
Анкени өлкөбүздүн келечеги жаштар экенин унутпасак.
Бахтияр Жалалов,
Кадамжай РИИБнин Айдеркендеги Р.Нийматов атындагы поселкалык ички иштер бөлүмчөсүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору, милициянын ага лейтанаты