Жумушсуздарды кесиптик окууга жана кайра даярдоо курстарына окутуу үчүн Кадамжай райондук жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу бөлүмү тарабынан быйылкы жылы Үч-Коргон техникалык лицейине электр ширетүүчү тайпасына 20 улан, Марказ ПЛ-33 кесиптик лицейине 30 улан жолдомо менен жөнөтүлүп, алар атайын кесиптерге ээ болушту. Ошондой эле Кандагы №72 кесиптик лицейине электро-газосварщик тайпасына 20 улан, айдоочулук тайпасына да 20 улан-кыз жолдомо менен жөнөтүлдү.
Ал эми аталган бөлүмгө 2013-жылдын 1-июль айына карата 14-28 жашка чейин 128 жумушсуз атуул кайрылган, анын ичинен 65 аялдар. 16-18 жашка чейин 27 жумушсуз атуул кайрылган, анын ичинен 7си кыздар.
Жумушсуз деп табылганы 258 (65 аял). Официалдуу жумушсуздук статусун алган 131 (21 аял), анын ичинен 77 (20 аял) коомдук акы төлөө иштерине жөнөтүлдү. 16-28 жашка чейинки 102 ( 19 аял) жумушсуздар бош жумуш орундарына жумушка жайгаштырылды. Жумушка орношкондордун арасынан 15(5 аял) атуул 16-18 жашка чейинкилер.
Район аймагынан алыс жайгашкан айылдык аймактарда 12 агент иштейт, алардын кызматынан 2013-жылдын 1-июль айына карата 1017 адам пайдаланат.
Ошондой эле Баткен областтык райондор аралык микрокредит берүү борбору тарабынан, жумушсуздарга берилүүчү микрокредит катары 2013-жылдын 1-июль айына карата 14 жумушсузга 375000 миң сом өлчөмүндө чакан кредит берип, иш алып барууда.
Ш.Эгембердиева