Айдаркен шаарындагы О.Маканов атындагы орто мектепте «Суицид деген эмне?» деген орчундуу ойлорду камтыган «Жашоо бир гана берилет» аталышында семинар болуп өттү.
Семинарга бардык тармактан адистер катышышты. Талкууда курч пикирлер айтылып, өз өмүрүн кыюунун коомубузга чоң зыяндуулугу айтылды.
Медресе мүдүрү А.Темиров өз өмүрүн кыюу- Исламда чоң күнөө экенин кеңири түшүндүрүп берди.
Семинардын уюштуруучусу У. Жакыпова «Теңсиздик дегенди кандай түшүнөбүз?» деген суроого окуучулар тарабынан даярдалган адабий көркөм көрүнүштү тартуулашты. Эпизодду көрүп, катышуучулардын көз карегинен жаш кылгырды.
Келген меймандар семинар жөнүндө жылуу пикирлерин билдиришти.
Үмүтбек Маматов, Айдеркен шаары
Кадамжайлыктар туткан орозонуздар кабыл болсун!!!