СПОРТ

Жакшынын жылоосу

29-сентябрь күнү Кадамжай районуна караштуу, Майдан айыл өкмөтүндөгү Козубай орто мектебинин спорт майданында, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Эл Батыры Апсамат Масалиевдин жаркын элесине арналган Эл аралык «Алыш» күрөшү боюнча турнир өткөрүлдү.

Турнирдин ачылыш аземине Кадамжай районунун акими  А.Мадумаров катышып, сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө Апсамат Масалиевдин кыргыз эллине өтөгөн ак эмгегин жогору баалап, бүгүнкү «Алыш» мелдешине катышу үчүн келишкен Өзбекстан, Тажикстандык меймандарга ийгиликтерди каалап, мындан ары да достук, ынтымактуулуктун чыңдала беришин тиледи.

Андан соң А. Масалиевдин уулу Искак Масалиев сөзгө чыгып, маарекеге алыс-жакындан келишкен конокторго өзүнүн жана үй бүлөсүнүн атынан ыраазычылык билдирип, алгачкы жолу Алыш айылында «Алыш» күрөшү боюнча турнирдин өтүп жаткандыгын чын жүрөгүнөн кубанып жатканын билдирип, мындан ары жыл сайын улантыларын белгиледи. «Алыш» күрөшү боюнча мелдешти уюштургандарга ыраазычылык айтуу менен бел чечпей күрөшүүгө келген балбандарга ийгиликтерди каалады.

Ошентип «Алыш» күрөшү башталып, балбандар билек түрүнүп ортого чыгышып, элдин бүйүрүн кыйла кызытышты. Жеңгендер акчалай белектерге ээ болуп, грамоталар менен сыйланышты.

Биринчи ирет өтүп жаткан бул турнирде белгиленген жеңүүчү болгон жок. Негизги максат эл биримдигин чыңдап, ынмактуулукка багытталгандыктан жалпы катышуучуларды кур кол кайтарышпады.

Кечке улантылган «Алыш» күрөшүнүн күйөрмандары да, ага катышкан катышуучулар да терең ыраазычылык менен тарап кетишти.

Алыш айылы, Кадамжай району
Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

«Жогоруга кайтуу» баскычы