СПОРТ

Мелдеш жыйынтыкталды

Кызыл-Кыя шаардык кеңештин төрагасы Асилбек Маткалыковдун демилгеси менен башталган Кызыл-Кыя шаардык мектептер арасындагы волейбол боюнча балдар жана кыздар арасындагы мелдеш соңуна чыкты.
Мелдештин жыйынтыгын чыгаруу максатында, шаардагы А.С. Пушкин атындагы №4 орто мектебинин спорт залына, шаардын мэри Абиш Халмурзаев, шаардык кеңештин төрагасы Асилбек Маткалыков жана бир топ депутаттар келишти.
Оюндун акыркы финалына келишкен Т.Сатылганов атындагы орто мектеп менен № 7 орто мектептин спортсмендери өтө кызыктуу таймаш оюнун көрсөтүштү. Жыйынтыгында № 6 Т. Сатылганов атындагы мектеп алдыга озуп, биринчи орунга ээ болушту. Андан кийинки орундарга № 7 орто мектеби жана Караван айылындагы № 10 А.Гайдар орто мектептери татыктуу болушту.
Ар бир командагa ардак грамоталары, сый белектер анын ичинде тогуз коргоол ойноочу такчайчалар, волейбол ойноочу топтор тапшырылса, алдыңкы орунга чыккан Т.Сатылганов атындагы орто мектебине атайын кубок тапшырылды.
Сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөшкөн шаардын мэри Абиш Халмурзаев, шаардык кеңештин төрагасы Асилбек Маткалыков жана башка депутаттар жаштарга ийгилик тилеп, мындай спорттук оюндарды өткөрүү мелдеши дагы улантыларын белгилешип, «дени сак өлкө-дени сак жашоо» девизин аркалай берүүсүн каалады.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы