2012-жылдын башынан баштап “Z-Explorer” компаниясы Шамбесай кени жайгашкан Майдан айыл округун социалдык жана экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча бир катар социалдык долбоорлорду жигердүү ишке ашырып келүүдө.
Компаниянын жергиликтүү калкка жардам көрсөтүү саясатында билим берүү жана окутуу тармагы артыкчылыктуу максаттардын бири катары белгиленген. 2013-жылдын февраль айынан баштап май айына чейин жергиликтүү беш мектептин 98 бүтүрүүчүсү Жалпы республикалык сынакка даярдануу курсунан өтүшкөн. Бул долбоорго Компания 119,4 миң сом бөлүп берген. Жалпы республикалык сынактын жыйынтыгы боюнча эң көп упай топтогон мектептин сегиз бүтүрүүчүсүнүн жогорку окуу жайда төлөй турган акысынын 50% пайызын Компания төлөмөкчү.
Жергиликтүү адистердин дараметин арттыруу максатында Z-Explorer компаниясы “Адистерди даярдоо” окуу программасын уюштурган. Аталган программанын алкагында, жергиликтүү жаштардын арасынан 16 адам компьютерде иштегенди үйрөнүшүп, менеджмент негиздерин, чыр-чатактарды чечүү жолдорун, эмгекти коргоо жана экологиялык коопсуздук, ошону менен катар биринчи жардам көрсөтүү жаатында билим алышты. Программа жергиликтүү жумушчу күчтөрдүн атаандаштык жөндөмүн жогорулатып, Шамбесай кенинде өндүрүш иштери башталгандан кийин жарыялана турган бош жумуш орундарына орношуу мүмкүнчүлүктөрүн арттырууну көздөйт. Бул долбоорду каржылоо үчүн Компания 295 миң сом жумшаган. “Бардык өтүлгөн сабактар, айрыкча, компьютерде иштөөнү үйрөнүү, учур талабына толугу менен жооп берет. Себеби, программанын катышуучуларынын арасында компьютерге биринчи жолу отурган адамдар да болду. Өзүм жөнүндө айта кетсем, ушул программанын алкагында алган билимим менин учурда иштеп жаткан жумушума да, жалпы жашоомо да сөзсүз кереги тиет” дейт катышуучулардын бири Калинса Курбанбекова.
2013-жылы 9-ноябрда Эл аралык жаштар күнүнө арналган “Жаштар кэмп 2013 – Баткен” деген аталыштагы жыл сайын өткөрүлүүчү расмий эмес жаштар конференциясына Майдан, Кара-Жыгач жана Кара-Дөбө айылдарынын жаштарынын арасынан 8 адам барып катышып келди. Компания Майдан жаштар комитетинин өтүнүчү менен, Майдан айыл аймагынын жаштарына Кыргызстандын башка жаштары менен өз ой-пикирлерин ачык-айрым жана ээн-эркин билдирүү жана жаңычыл идеялары менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн, алардын жол кирелерин төлөп берди.
2012-жылы Компания Майдан айыл аймагынын Кара-Кыштак айылындагы 1989-жылы салынгандан бери жылытуу тутуму жок иштеп келген Тажибаев атындагы орто мектепке 66,2 миң сом өлчөмүндө каржылык жардам көрсөткөн. Компаниянын каржылык колдоосу менен, мектептин администрациясы жылытуу тутумун орнотуп, эми мектеп окуучулары жылуу класстарда билим алып жатышууда. Мындан тышкары, Кара-Жыгач айылындагы “Дыйкан” орто мектебине 54,3 миң сом жана Майдан айылындагы Таиров атындагы орто мектепке 60 миң сом каржылык жардам көрсөтүлүп, жылытуу тутумдары оңдолду.
2012-жылдын декабрь айында Майдан айыл өкмөтүнүн өтүнүчү менен, чөлкөмдүн социалдык жана экономикалык абалын жакшыртуу боюнча бир катар долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн Компания 500 миң сом бөлүп берген. Ошондой эле 2013-жылдын июнь айында жергиликтүү бийлик органдарынын суранычы боюнча, турак-жайлар менен социалдык обьекттерди оңдоп түзөө иштери үчүн Майдан айыл аймагындагы Майдан жана Кара-Жыгач айылдарынын жашоо-чуларына 2,7 млн.сом каржылык колдоо көрсөтүлгөн.
Медицина жаатына да өзгөчө көңүл буруп, Компания Кара-Жыгач айылдык бейтапканага 90 миң сом бөлүп берип, жаңы жылытуу тутумун орнотууга жана эскилиги жеткен полду жаңыртууга жардам көрсөткөн. Ошону менен катар, Майдан бейтапканасына да суу чарпалекти, суу менен камсыз кылуучу түтүктөрдү, суу жылыткычты жана алты палатага кол жуугучтарды орнотуп берген.
Социалдык долбоорлордун арасынан суу жетпеген жерлер үчүн суу чарпалектерин орнотуу, айылдын жолдорун оңдоп түзөө, жергиликтүү мектептер менен бала бакчаларга керектүү спорт шаймандарын жана формаларын сатып берүү, маданий жана спорт иш-чараларын өткөрүү сыяктуу иштерди белгилеп кетсек болот. 2011-жылдын январь айынан баштап, 2013-жылдын август айына чейин иштеген мезгилде Компания көрсөткөн каржылык жардамдын жалпы көлөмү 7,5 млн. ашуун сомду түздү. Учурда Z-Explorer компаниясы жаңы жумуш орундарын ачуу, билим берүү жана окутуу, жергиликтүү инфраструктураны өркүндөтүү, ошондой эле керектүү товарлар менен кызматтарды жергиликтүү булактардан сатып алуу сыяктуу иштер камтылган социалдык пакетти иштеп чыгууда.
«Пресс-центр»