КЫРСЫК

Бир адам өрттөн өлдү

кызыл-кыя өрт
Кадамжай райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Ш. Валиевдин айтымында, 2012-жылы Кадамжай районунда 54 өрт кырсыгы катталып, бир адам каза болгон. 2013-жылдын январь, февраль айларында эле 9 өрт кырсыгы катталды.
2-февраль күнү Үч-Коргон балдар үйүнө караштуу малкананын имараты өрттөнүп кетти. Малканада өрттүн чыгуу себеби электр зымдарын туура эмес монтаждоо экендиги аныкталды.
Ал эми 16-февраль күнү Кызыл-кыя шаарынын 61-разьез участкасында жайгашкан 16 үйүнүн 2-батиринде өрт чыгып, үйдүн ээси 71 жаштагы Артемов Александр түтүнгө ууланып каза болгон. Өрт колдо жасалган электр жылыткычынан чыккан.
Тилсиз жоонун алдын алуу максатында, өрткө каршы түшүндүрүү иштери болууда.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы