МАЙРАМДАР

Кадамжайда райадминистрация тарабынан 200 үй кожойкеси майрамдын урматына сыйланды

8-март_кадамжайда_1
Бүгүн, 7-март күнү Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда жылдагыдан өзгөчөлөнүп 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата 200дөн ашуун үй кожойкелерине баалуу белектер тапшырылды. Бул тууралуу райадминистрациядан билдирди, деп маалымдады «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы.
Маалыматка ылайык, бул жылы майрамдык иш-чарага мурунку жылдардан айырмаланып, жетекчилик кызматтарда иштеген аялдар эмес, жумушчу айымдар чакырылды.
Райондун акими Акрам Мадумаров «майрамдык кечеге чакырылган ар бир асылзаада айымдардын тизмесин бирден карап чыктым. Тизмеде жыл сайын сыйланып жүргөн эжелерибиздин ордуна өмүр боюу кара жумушта эмгектенген энелерди тизмеге киргиздим. 200дөн ашык аялга белектер ыйгарылды», – дейт.

8-март_кадамжайда_2
Мамлекеттик мекеме-ишканаларда техникалык кызматкер болуп иштеген Суксур Ураимова майрамдык иш-чара тууралуу «Чындыгында жетекчилик кызматтарда иштеген аялдар гана салтанатка чакырылат эле. Бул жолу мен сыяктуу жөнөкөй айымдар да сыйланды. Белектер үчүн ыраазычылык билдиребиз», – деди.

«Баракелде»

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы