МАЙРАМДАР

Султанбекова согуш ардагерлерин сыйлады

Султанбекова согуш ардагерлерин сыйлады
Бүгүн Кадамжай шаарында Улуу Жеңиштин 68 жылдык майрамы белгиленди. Алгач Улуу Жеңиштин урматына курулган эстеликке гүл чемберлер коюлуп, Куран окулду. Борбордук стадиондо аскердик парад болуп, маданият кызматкерлери согуш ардагерлерине концерт тартуулашты.

 

Майрамдык салтанатка келген Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова согуш ардагерлерине өзүнүн белектерин тапшырды. Мектеп окуучулары арасында  3 ай мурда жарыяланган «Ар дайым болсун апам» аттуу дилбаян конкурсун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө дипломдор жана «Баяман» фондунан музыкалык борбор, ноутбук, телевизорлор берилди. Ошондой эле депутат Чолпон Аалыевна  «Алыш» күрөш федерациясынын атынан 70 миң сомдук байгелерди  майрамга арналган улуттук күрөшкө коюп берди. Күрөшкө коңшу Өзбекстандан да балбандар катышып жатат.

Эскерте кетсек, былтыр Кадамжайда Улуу Жеңишти 53 согуш ардагери белгилесе, быйыл болгону 34 ардагер  калган.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

 

Нравится

Жооп калтыруу

«Жогоруга кайтуу» баскычы