КЫЗМАТТЫК ДАЙЫНДООЛОР

Жаңы аппарат жетекчи

el_kdm_001НУРМАТОВ МАМАТКАСЫМ АЙТМАТОВИЧ

Нурматов Маматкасым Айтматович 1978-жылы 27-январда Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында туулган. Айылдагы Молдо Нияз гимназия мектебинин 9-классын бүтүргөндөн кийин, 10-11-класстарын Бишкектин Кемин шаарынын «Даанышман» лийецинен бүтүргөн.
Жогорку билимдүү, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин, андан Президенттин башкаруу академиясын бүтүргөн.
Эмгек жолун 2002-жылы Кызыл-Кыя гуманитардык пед.институтунда окутуучу болуп баштаган. 2005-2006-жылдары Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясында жетектөөчү адис, 2008-2009-жылдары КРнын Экономиканы өнүктүрүү министрлигинде башкы адис, 2009-жылдан бери раймамадминистрацияда жетектөөчү адистен баштап, башкы адис, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келди.
Аппарат жетекчилигине болуп өткөн конкурстун жыйынтыгынын негизинде жана акимдин 2013-жылдын 29-июлундагы буйругу менен аппарат жетекчиси болуп дайындалды.

«Эл жарчысы»

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы