КЫЗМАТТЫК ДАЙЫНДООЛОР

Шайланышты

el_kdm_0012013-жылдын 23-жана 28-майында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын 2013-жылдын 4-июнундагы №95 Токтому менен Марказ айыл округунун башчысы болуп, Алимбеков Махаматмуса Мамалатипович, Халмион айыл округунун башчысы болуп, Бегматов Камалидин Хабибиллаевич бекитилди.

Алимбеков Махаматмуса Мамалатипович

1964-жылы 25-июлда Ош областынын Фрунзе районуна каршатуу Тамаша айылында туулган.

1972-1980-жылдары  Э. Тельман атындагы орто мектепте 8-класска чейин окуган. 1980-1983-жылдын июлуна чейин Фрунзе районуна караштуу Марказ айылындагы № 33-кесипчилик  техникалык окуу жайына тракторист-машинист, “С” категориясындагы айдоочу кесибине ээ болгон.

1983-жылдын август айынан декабрь айына чейин Фрунзе районунун «Кадамжай» совхозунда тракторист болуп иштеген.

1983-85-жылдары Украинада аскердик кызматын өтөгөн.

1986-89-жылдары Фрунзе шаарындагы Автомобиль жана жол техникумунда автомобилдерди  тейлөө жана ремонттоо бөлүмүндө окуган.

1989-жылдын август айынан баштап № 33-кесиптик техникалык окуу жайында автомобиль боюнча машыктыруучу болуп иштей баштаган.

1991-жылдын март айынан ушул эле окуу жайда “Жолдо жүрүү эрежелери жана автомобиль” сабактарынан мугалим болуп иштеген.

1998-жылы Кызыл-Кыя шаарындагы КИТЭП БТУ жогорку окуу жайынын сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, 2004-жылы июнь айында ийгиликтүү аяктаган.

1999-жылдын февраль айынан баштап өндүрүштүк окуу жана коммерциялык иштер боюнча директордун орун басары, 2005-жылдын август айынан баштап ушул эле окуу жайында директор болуп иштеп келди.

Төртүнчү чакырылыштагы жергиликтүү кеңештин депутаттыгына шайланып, 2008-жылдан 2012-жылдын ноябрь айына чейин Марказ айыл округунда депутаттар кеңешинин төрагасы болуп иштеген.

Май айындагы шайлоодо Марказ айыл округунун башчысы болуп шайланды.

Үй бүлөлүү, кызы жана бир уул, эки небереси бар.

 

 

Бегматов Камалидин Хабибиллаевич

1973-жылы 26-апрелде  Халмион айылында туулган. Камалидин 1980-1990-жылдары “Ынтымак” орто мектебин аяктаган.  Кийин ОШМУнун “География жана жаратылышты пайдалануу” факултетин аяктап, 2000-2003-жылга чейин “Ынтымак” орто мектебинде география мугалими болуп эмгек жолун баштаган. 2003-жылдан 2004-жылга чейин ПРООНдун программасын негизинде Курулуш жана Көк Тал айылдары боюнча жамаат түзүлүп, ал жамааттын башчысы болуп иштеген.

2004-жылдан Халмион округунда АРИС программасынын негизинде Жергиликтүү Инвестициялык Комитеттин (ЖИК) төрагасы болуп, 2007-жылдын аягына чейин иштеген. Ал эми 2008-жылдын апрель айынан баштап “Бай Түшүм жана Партнерлор” МФ Банкында кредит адиси жана ага кредит адиси болуп иштеген. 2013-жылдын 14-майынан Кадамжай районунун акиминин буйругу менен Халмион айыл округунун башчысын милдетин аткаруучу болуп дайындалып, ал эми 2013-жылдын 23-майында Халмион айыл округунун депутаттары тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Үй бүлөлүү, 4 уулдун атасы.

«Эл жарчысы»

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы