Өткөн аптада райондук Ардагерлер Кеңешинин отчеттук кайра шайлоо делегацияларынын конференциясы болуп өттү. Буга райондун акими А.К.Мадумаров, Баткен областтык Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Т.Жолдошев, райондук бириккен аскер комиссары А.Назаров жана конференциянын делегаттары катышты. Адегенде, райондун акими А.К.Мадумаровко сөз берилип, ал бүгүнкү күндө аксакал ардагерлербиздин орду жана ролу коомчулукта өтө чоң экендигине кеңири токтолду.
Андан кийин райондук ардагерлер Кеңешинин төрагасы Иманалы Орунбаевдин 2 жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө кеңири баяндама жасады. Андан ары суроо-жооп болуп, кезек Ардагерлер Кеңешин кийинки 2 жылдык мөөнөткө шайлоого келип жетти. Катышкан делегаттар кайрадан И.Орунбаевдин талапкерлигин сунуштап, бир добуштан Ардагерлер Кеңешинин төрагасы кылып шайлашты.
«Эл жарчысы»