Коомдо пикир жараткан адам бул-журналист. Окурман, көрөрман, угурмандардын сыйлаганы же эң жек көргөнү. Бул кесипте чыркырып чыга албай жаткан чындыкты коомчулукка чагылдырсаң, чычалагандар бар күчүн, бар акчасын чачып журналисти жыгууга аракет кылат. Сотмо-сот соттошкон, куугунтукта, кала берсе жалданып өлтүрүлгөндөр арасында дал ушул кесип ээлери басымдуулук кылат. Эмнеге? Себеби биз болгон нерсени гана коомчулукка жеткиребиз. Кээде чындыкты жазсаңда сен күнөөлүү болуп чыга келесиң. «Жыландын куйругун тебелеп алдың» деп сүрдүү көрүнгүсү келгендер миңдеп саналат. Ооба, сөз эркиндигин аша чаап пайдаланган кесиптештерибиз да жок эмес. Бирок, ар бир макала жазылууга бир катталган факт түрткү берет.
Ар бир бийлик тушунда журналистерге карата ар түрдүү кысым болуп келет. Курманбек Бакиев бийлигин тушунда бир канча журналист сабалып, куугунтукталып, Геннадий Павлюк аттуу белгилүү журналисттер өлтүрүлгөн. Бирок, сөз эркиндигине кысым кайра жандана баштагандай, өткөн жума күнү Социал-демократтар фракциясы атайлап жалган маалыматтарды тараткан журналисттерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзам долбоорун колдоп чыгышты. Жогорку Кеңештин талкуусуна коюла элек бул доолбоор коомчулук арасында ар кандай пикир жаратты. Көпчүлүк журналисттер бул мыйзам долбоорунун кабыл алынуусу сөз эркиндигинин ооздукталышына алып келет деген пикирде.
КСДП фракциясынын депутаты Галина Скрипкина толуктоолорду сунуштап жаткан берене менен К. Бакиев убагында «Де-Факто» гезитинин башкы редактору Чолпон Орозбековага кылмыш иши козголгон эле. Чолпон Орозбекова өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон.
Эмне болгон күндө да сөз эркиндигине кысым жасоо менен маселени чечүүгө болбойт.
А.Абсаттаров, атайын кабарчы