КООПСУЗДУК

Баткендин Жаңы-Коргон айылында 10 күн жарык болгон эмес

el_kdm_001Баткендин Кадамжай районуна караштуу Бирлик айыл округунун Жаңы-Коргон айылындагы трансформатор күйүп, 10 күн жарык болгон эмес. Бул айылда трансформатор эки ай аралыгында эки жолу күйгөн. Жергиликтүү жашоочулар элден эч кимдин кабар албаганына нараазычылыгын билдиришүүдө.

-18-октябрда трансформатор күйүп, жарык өчкөн. Жарык жок,кары-картаңдар, жаш балалуулар кыйналдык. Жазда да транформатор күйгөн, бир ай мурда да бузулган. 18-октябрда да трансформатор күйүп,жарык өчкөн.  Ар бир үй-бүлөдөн акча чогултуп, 27-октябрда жандырышты. Бизден жергиликтүү бийлик же электр ишкананын кызматкерлери кабар албайт-дейт Жаңы-Коргон айылынын жашоочусу Утанова Гүлбадам.

Кадамжай райондук электр тармактар ишканасынын башкы инженери Тайиров Алмаздын айтымында, аталган айылда бузулган трансформатор 3 күн аралыгында оңдолуп, жарык берилген.

А.Абсаттаров, атайын кабарчы

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы