МАЙРАМДАР

Президенттин жаңы жылдык белеги окуучуларды кубантты

el_kdm_001А.Масалиев айылы аймагында Кыргыз Элинин чыгаан уулу, Кыргыз Эл Баатыры Масалиев Абсамат Масалиевичтин айкели туулуп өскөн жерине тургузулуп, 18-октябрь күнү айкелдин ачылыш аземи болгон. Аземге Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев катышкан эле. Президентибиз А.Масалиев айыл аймагынын эли менен жолугушкан учурда, айылдагы Бабур орто мектебинин окуучулары Президентибиздин купулуна толуп, окуучулар өлкө башчысынын жагымдуу сөздөрүн, насаат-кеңештерин угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Ошол мезгилде Алмазбек Атамбаев Бабур мектебинин окуучуларына жаңы жылга карата белек берүүсүн убада кылган. Өлкө башчыбыздын өз сөзүндө бек тураарына дагы бир жолу ынандык. Анткени, 10-декабрь күнү Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаров мектепке келип, Президентибиздин белегин тапшырды. Акимибиз, өлкө башчысынын Бабур мектебинин окуучулары күтүүдөгү жана күзөтүүдөгү саламдашууларына ыраазычылыгын билдирүү менен Жаңы жылга карата 70 миң сомдук музыкалык аппаратты белекке жөнөткөнүн айтып, Президенттин атынан мектепке тапшырды. Мектеп окуучулары Президенттин бул белегин чоң кубаныч менен кабыл алышты. Белекти актоо үчүн жакшы окуп, эл керегине жараган атуулдардан болооруна сөз беришти. Мектеп жетекчиси Зайтуна Разгаева мектеп жамааты, окуучулар жана ата-энелер комитетинин атынан өлкө башчысына терең ыраазы-чылыктарын билдиришти.

«Эл жарчысы»

 

Нравится

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы