АЙТЫҢЫЗДАР МААРЕК БОЛСУН!
Сиздерди Кадамжай райондук мамлекеттик администрациянын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан 8-августка туура келген – Орозо айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сабырдуулукту, кечиримдүүлүктү жана руханий жаңыланууну символдоштурган Рамазан айынын жыйынтыгы болгон Орозо айт майрамы кирип келди. Берекелүү Рамазан айында өлкөбүздүн мусулмандары орозо тутуу менен өз ишенимдерин бекемдеп, руханий жактан тазаланууга ниет кылышты.
“Орозо Айт” – тазалануунун, кечиримдүүлүктүн, кайрымдуулуктун жана күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болуучу ыйык майрам.
Исламда “Ким эгер Рамазанда орозо кармап, Айт намазын окуса, анын денеси тозок отуна арам болот”-деген кубанычтуу кабарлар да айтылат.
Айт күнүндө ден – соолугу начар, ооруп жаткандардан кабар алуу, колунда жокторго жардам садагаларды берүү, бири-биринен кечирим суроо жана Айт намазын окуу өтө сооптуу амалдардан. Бир ай бою (Рамазанда) жакшы амалдарды көп жасап, ооз ачырууларды уюштуруп, мечиттерге каттап, кайрымдуулуктарды аткарып, Жараткандын ыраазычылыгын табуунун аракетинде болдук. Рамазан айы чыкканда да ушундай жакшы амалдарды аткарууну таштабашыбыз зарыл. Баарыбыздын кармаган орозобузду Жараткан өзү кабыл кылсын!
Кыргызстан элибизде тынчтык, ыймандуулук, ынтымактуулук жана береке болсун!
Урматтуу Кадамжайлык мусулман-туугандар!
Сиздерди дагы бир жолу жалпы мусулмандардын ыйык майрамы эсептелген Орозо айт майрамы менен куттуктайм. Ар бир үй-бүлөгө тынчтык жана бакубат турмуш каалайм.
Ар-бирибиздин рухубуздун тазаланышына, бардык кыйынчылыктарды жеңип чыгууга жана мекенибиздин жаркын келечеги үчүн күч-кубатыбызды бириктирүүгө Жараткан өзү жардам берсин”.
Айтыңыздар маарек болсун!