МАЙРАМДАР

БАЛДАР – БИЗДИН КЕЛЕЧЕГИБИЗ!

Акрамжан Мадумаров_ 3
Балдарды коргоо, албетте бул жалгыз гана кишинин же болбосо жакындарынын гана проблемасы эмес! Бул коомдун проблемасы! Кыргыз элибиз эч качан бирөөлөргө жардам берүүдөн баш тарткан эмес жана баш тартпайт дагы. Ошондуктан баардыгыңыздарды, биримдикте, биздин балдар үчүн ар тараптан жардам көрсөтүп, колдоо керектигин суранам. Биздин бул кылган көмөгүбүз балдардын келечеги үчүн. Ар тараптан колдоо балдарыбыздын жүрөгүнө сакталып калчу нерсе экендигин эч качан эсибизден чыгарбашыбыз керек. Бул биздин бирден-бир проблемабыздын чечилишине алып келет. Булар дагы бизге окшогон Кыргызстандын жарандары жана алар да бизге окшогон эле укуктарга ээ. Бүгүнкү күндө балдар менен жөн гана сүйлөшүп кеткенибиз алар үчүн чоң бакыт. Келиңиздер анда, кыргыз эли биримдикте, бүгүн, эртең жана келечекте, келечек муундары болгон балдардын жүзүнө жылмаюу тартуулаганга аракет кылалы! Майрамыңар кут болсун, биздин келечек ээлери!

А.К.Мадумаров,
Кадамжай районунун акими

 

Нравится

[poll id=”4″]

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы