МАЙРАМДАР

«Шахтер жолуна» 90 жыл

Сүлүктү шаарынын шаардык гезити болгон «Шахтер жолу» өзүнүн 90 жылдык маарекесин зор салтанат менен белгиледи.
Жыйынды Сүлүктү шаарынын мэри Абдизакир Ибрагимов ачып, гезитин учурдагы күрдөөлдү эмгегин белгилеп, анын эмгек жамаатына жана сырт кабарчыларына терең ыраазычылык билдирип, гезитке мындан ары да колдоо көрсөтүп турарын айтты.

Сүрөт автордуку

Сүрөт автордуку

Бардык сүрөттөр →

Андан кийин «Шахтер жолу» гезити жөнүндө тартылган фильм көрсөтүлүп, өткөн учурлар так, далилдүү фактылар менен коштолду.
Жарыш сөзгө чыккан Эл агартуунун мыктысы, сырт кабарчы Абдыманап Жаныбеков, өткөн тарых изин тактап айтуу менен, «Искра», «Правда» газеталарынын 1-санын көрсөтүп, «Шахтер жолундагы» ийгиликтерге токтолду. Андан ары сөз алышкан А. Кидиров,А. Авазов,А. Дооров, А.Жоробеков, М. Жороев мырзалар, гезитин маарекеси менен куттукташып, эстелик белектерин тапшырышты.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы