ДЕН СООЛУК, МЕДИЦИНА

«ООРУКАНАБЫЗДЫН КУРУЛУШУ ЖҮРҮП ЖАТАТ» (фото)

el_kdm_001Э.Аппазов,
райондук аймактык оорукананын башкы дарыгери

Эскилиги жеткен жана 2010-жылдын июль айындагы жер титирөөдөн жабыркаган аймактык ооруканабыздын 150 орундуу жаңы имаратынын курулушу былтыркы жылы мамлекет тарабынан колго алынып, планга киргизилген болчу. Аталган оорукананын курулушунун жалпы суммасы 360 млн сомду түзгөн. Былтыркы жылы курулуш үчүн 23 млн 700 миң сом акча каражаты бөлүнүп, оорукананын баштапкы иштери аткарылган. Быйылкы жыл үчүн 44,5 млн сом акча каражаты каралып, бүгүнкү күндө анын 13,5 млн сому келип түшүп, курулуш иштери жүрүп жатат. Тактап айтканда, имараттын 2 кабатынын дубалы тургузулуп жатат.

Оорукананын курулушу
Оорукананын курулушу

Буга чейин жүрөк өйүткөн ооруканабыздын курулушу менен кээ бир министрликтер, КРнын ЖК депутаттары таанышып, колдон келген жардамдарын беришерин убада кылышкан.
Алсак, жакында КРнын Жогорку Кеңештин депутаты М.Мадеминов келип, ооруканабыздын курулушу менен таанышып кетти. Мындан тышкары Улуттар аралык Кызыл Жарым Ай Коому жана Кызыл Крест уюмунун өкүлдөрү келип, аймактык оорукананын шашылыш тез жардам көрсөтүү үчүн хирургия жана травматология бөлүмдөрүн көрүп чыгышты. Алардын операциялык кааналарын жана реанимация бөлүмдөрүн капиталдык ремонтун жүргүзүп берүү жагы, керектүү медициналык аспап-эмеректерди, аппараттар менен камсыз кылуу жолдору сүйлөшүлдү. Буга чейин былтыркы жылы мамлекеттик казынадан 4,5 млн сом акча каражаты бөлүнүп, ага эң зарыл болгон катуу жана жумшак эмеректер, керектүү аппараттар сатылып алынган.
Бүгүнкү күндө ооруканабыздын Алга жана Халмион бөлүмдөрүндө ремонт иштери жүрүп жатат.
Эми мындан ары ооруканабыздын эсебинен өзүбүздүн ички жолдорубузду оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүнү пландаштырып жатабыз. Элдин саламаттыгын сактоодо бардык күч аракетибизди жумшоого жана жаңы курулуп жаткан ооруканабыздын имаратын бүткөрүү үстүндө такай иш алып баруу – биздин башкы милдетибиз болуп саналат.

Атайын кабарчыбыздан, «Эл жарчысы»

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы