ДЕН СООЛУК, МЕДИЦИНА

Жашы жете элек кыздар арасында 1200 аборт фактысы катталган

el_kdm_001Июнь айында Ош шаарындагы “Эко-Дом” конференциялык залында “Кыргызстанда гендердик теңдикти жана чыр-чатактарды алдын алуучулары катары аялдардын потенциалын чыңдоо” долбоорунун тегерек столу болуп өттү. Кеңешмеде коюлган маселе “гендердик зомбулукту чечүүдө мамлекеттик түзүмдөрдүн, коомдук уюмдардын жана диний лидерлердин кызматташтыгын бекемдөө”. Кеңешмеге шаардык казыяттын, ЗАГСтын, өкүлдөрү катышышты. “Бир дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылынан сөзгө чыккан Лариса Илибезованын билдирүүсүндө, 2011-жылы жашы жете элек кыздардын арасында 1214 төрөт фактысы катталган. Ал эми 12-17 жаштагы өспүрүмдөр арасында республикабызда жыл сайын 1200гө жакын аборт кылдыруу фактысы официалдуу катталууда. Мындай факты менен алганда республикабыз боюнча Ош шаары биринчи сапты камсыздайт. Ал эми 18 жашка толо элек кыздардын турмуш куруу фактысы боюнча Кыргызстан Европа мамлекеттеринин ичинен 5-орунда турат. Ушул жылдын башынан бери жашы жете элек 4 наристе киши колдуу болсо, 43 наристе сексуалдык күч колдонуунун курманына айланган. Өлкөбүздө ар бир үчүнчү бала никесиз төрөлөт. Алардын ичинен 55% ата-энесинин арызы менен катталса, 45% бир гана энесинин арызы менен каттоого алынган. Кеңешменин соңунда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги жана жарандарыбызга ар кандай өз укуктарын жана милдеттерин тактап билдирүү негизги милдет экени баса белгиленди.

Атайын кабарчыбыздан, «Эл жарчысы»

 

Нравится

Жооп калтыруу

«Жогоруга кайтуу» баскычы