ВИЧ илдетине каршы күрөшүүдө мамлекет тарабынан түрдүү иш чаралар жүргүзүлүп келет.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Кыргызстан ВИЧ өсүп бараткан 25 мамлекеттин катарында турат. Жүздөй аял кош бойлуу учурунда баласына ушул дартты жуктурган.
СПИД борборунун маалыматы боюнча, өлкөдө ВИЧ менен ооругандардын саны 1-ноябрга карата 5060ка жеткен. Алардын ичинен 809 киши каза болгон. Ооругандардын 485и 14 жашка чейинкилер.
Илдетти жуктуруп алгандардын 30 пайызын Чүй облусунун, 20 пайызын Ош облусунун тургундары түзөт. Жалпы оорулуулардын 70 пайызга жакынын 20дан 39 жашка чейинкилер түзөт.
1-декабрь 1988-жылдан бери СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү катары белгиленип келет.
«Эл жарчысы»