Бүгүнкү күндө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин катары суюлуп, анын 34ү гана калды. Эске ала турган болсок, былтыркы жылы 53 ардагерибиз 9-май – Жеңиш Күнүн тоскон эле.
Кечээ райондун акими А.К.Мадумаров жана «Кыргызпочтасынын» Кадамжай филиалынын начальниги Г.А.Боджаев менен биргеликте кээ бир согуш ардагерлерибиздин ал-акыбалын сурап, ар бир ардагерге майрамдын урматына Өкмөт тарабынан бөлүнгөн 10миң 400 сом акчалай жардамын тапшырышты.
«Карысы бардын – ырысы бар» -дейт элибизде. Андыктан катары суюлуп бараткан ардагер аксакалдарыбыздын акыбалын сурап турсак, көңүлдөрүн улаган болоор элек. Себеби, согуш ардагерлеринин эң жашы 90 жаш куракка барып турган мезгили.
«Эл жарчысы»