АДАБИЯТ

Жараткандан сурадым

тешебаева назгул1
Өзү бакыт бул дүйнөгө жаралуу,
Жүрбөсө дейм ар бир адам санаалуу.
Карап турган Жараткандан бакыт сурап,
Көзүм дайым асманга эле кадалуу.

Оо Жараткан берсин мага сабыр канаат,
Балким шондо бакыт мени издеп табат.
Жараткандан сурадым бак-таалайды,
Колум жайып тилек кыла асман карап.

Жер бетине сен жараткан ар пендеңе,
Ыйман, ынсап, сабырдуулук берекөр.
Ар окуган намазымда сурайын,
Бут ааламга ыйман нурун себе көр.

Тешебаева Назгүл — Кадамжай району

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы