АДАБИЯТ

Жыргалбек Айтматов

ж.айтматов
Жыргалбек Айтматов,
Кадамжай районун, Ормош айылында төрөлгөн,
Ормош айылынын(Айдаркен) тургуну.
Урматтуу ыр күйөрмандары! 
Сиздер үчүн, мекендешибиз Жыргалбек Айтматовдун ырларынан сайтка жарыяланып турат

Кадамжайым

Кадамжайым, менин кичи мекеним,
Эми билдим мага кымбат экенин,
Алтынга да алмаштыргыс турагым,
Бир айланып, бир кагылып кетемин!

Кадамжайым, калаа болдуң куттуктайм,
Мен өзүңдү өмүр бою унутпайм!
Сен жөнүндө эпопея жаратып
Атак-даңкын бүт ааламга улуктайм!!!

Күндөр кыска, түндөр узун учуру,
Көчө аппак бассаң кычыр-кычыры,
Кадамжайым, улуктугуң жөнүндө
Эч токтобой жазылууда кыш ыры…

Ай ааламда тептегерек ай жарык,
Кадамжайдын көчөлөрү жапжарык,
Кычыраган кар астында калышты
Кышты күткөн бариктер да сапсарык…

Актурпагым-Кадамжайым ортосу
Сен деп согот жүрөгүмдүн толтосу,
Гүрүчкө бай элимде көп той болот
Жолдо калып Оштун ашы, шорпосу…

Дос табалбай койдум талаа бетиден,
Тентуштардан, же ошол сексен экиден…
Кадамжайым, өзүң мага дем болдуң,
Кызыр даарып, бири болуп жетиден…

“Өзүм жөнүндө” 23.01.2013

Жылан жылы отуз эки жаштамын да,
Балалыкты эми артка таштадымда!
Блокноттун бир барагын ачтым дагын
Жигит кездин ырын жаза баштадымда…

Токтор бий тай жетемдин жашын көрүп,
Жүз жыйырма куракка толгум келет,
Жыйырма экинчи кылымдын башын көрүп,
Кыргыздын бир чоң акыны болгум келет!..

Көп сүйлөбөйт дебегин мени досум,
Бир өзүңө айтаарым, ырларымда,
Ишенбесең мынакей окуп көргүн,
Баары дайын, жашырын сырларым да…

Айтматов ким, бир гана жазуучу эмес,
Эми чыгып келаткан поэт да бар!
Алыкулдан бу кылымга ал бир элес,
Ашык болгон көптөгөн поэтессалар!..

Эң бир жарык жылдыздай жангым келет!
Алыкулдай от-ырларды жазгым келет,
Бул өмүрдөн жөн гана өтүп кетпей,
Ырдын кенин түпсүз кылып казгым келет!..

Жаркырай бер түндө жанган жылдыздарым,
Кыяматка чейин жаша! Кыргыздарым!
Алыкулдай дагы сансыз алптар чыгып,
Мындан ары көп төрөлсүн Чынгыздарың!!!

Жаратканга

Чилде маалы февралдын үчүндө
Минус эки суук дале күчүндө
Кажаат намаз окуп тилейм кудайдан
Жаннатты бир көрөйүн деп түшүмдө…

Ушак укпайм өзүм менен өзүммүн
Жалгыз гана раббим угат сырымды,
Пешенеме жазылса эгер жакшылык
Арга канча көрөөрмүн көп кылымды…

Оо жараткан, мункар накир периште
Дапдаярмын сага сурак беришке!
Күнөөлөрүм болсо эгер кечирип
Кабырдан соң алпара гөр бейишке…

Эртеби кеч чын дүйнөгө узайсың
Байлык эмес барат бирге амалың,
Намаз оку, күнөөлөргө баш урба
Көргүң келсе аллах таала жамалын…

Тез учууга даяр тураар жылдызым,
Мени ала кетесиз дейт нур кызым,
Чыдамсыздык менен күтүп тургандыр
Келсе тез деп жетимиш миң ур кызым…

5 Пикирлер

  1. Бариктер дебей жалбырыктар десен жакшы болмок бирок жарайт жакшы азамат чыгармачылыгын осо берсин

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы