АДАБИЯТ

Эненин өчпөс үмүтү

Эненин өчпөс үмүтү
Эненин ошол эрте жаздагы окуя эч качан эсинен кетпейт. Ал күнү да адаттагыдай таттуу уюкусунан эрте ойгонду. Үйүнүн алдындагы алма бакта сагызгандын шакылдаган үнүн угуп, жүрөгү бир жамандыкты сезген. Канаттуунун кабарын жакшылыкка багыштап, түндө көргөн түшүн арыктагы шылдырап агып жаткан сууга айтты.
Багымдатты окуп, аскерде жүргөн баласынын аман-эсен келишин кудайдан миң мертебе тилеп бата кылды. Аңгыча дарбазанын жанына бир топ адамдардын чогулганын байкады. Алардын арасындагы эки аскер жигити көзүнө өтө сүйкүмдүү көрүндү. «Балам келген го» – деп кубанычы койнуна батпай көчөгө чуркап чыкты. Бирок бейтааныш. Элдин баары тилден калгансып, жердеги темирден жасалган кызыктай жашыкты тиктеп турушат. Бир маалда аппак чачтуу коңшу кемпир калчылдаган муздак колун сунуп, кучагына бекем кысты. Көптөн күткөн азаматы алыс сапардан кайтпай, бөтөн жерде көз жумганын угузганда, мээсине ок тийгендей жерге кулады. Жүрөгүндө армандуу жара пайда болуп, бир заматта жарык дүйнө караңгыга айланган.
Андан бери, жер бетине жыйырма беш ирет кар жаады. Эненин «ичине» бир да кыл батпай, жашы токсонго толду. Бирок Оогандан кайтпаган баласынан далее болсо, үмүтү бар. Анткени перзентинин сөөгүн өз көзү менен көрүп, көңүлү сууп, жер койнуна берген эмес. Мүрзөсүнө ачылбаган темир жашык көмүлгөн. Уулу тирүү, жакын эле жерде жүргөнүн эне жүрөгө даана сезет.
Түшүнө да тез-тез кирет. Эмнегедир арадан көп жылдар өтсө да, баласынын жашы жапжаш бойдон жүргөндөй туюлат. Кечээ түндө көргөн түшүндө гана чачтарын ак аралап, бешенесине бырыш түшкөнүн көрүп, карылыкка моюн сунганын билди. Аскер кийимчен, кабагы саалыңкы. Сагынычы капкара көздөрүнөн байкалып турат. Колунда болсо, жайнамаз менен куран китеп.
Дайым энесин кучагына кысып, эгин эгилген маалда, үйгө кайтарын кулагына шыбырайт. Ошондуктан эрте жаздын келиши, апасынын үзүлбөгөн үмүтүнө от жагат. Карылыктын айынан өрүк гүлдөгөн мезгилди көзү көрбөй баратса да, эртеби- кеч эшик ачып, «эне, эне, эне мен келдим » – деген добушуна зар болуп, сагынычтуу өчпөс үмүт менен күтүп келет.

Акматбек Асанов, журналист

Бир комментарий

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы