БИЛИМ, ИЛИМ

НАСА Марска адамдары 2037-жылы учурат

НАСА 2031-жылы адамдарды Марска учура турган миссияга көмөк берүүчү ыктыярчыларды издеп жатат.Ыктыярчылар бир жыл бою Марска окшоштуруп жасалган моделдерде жашашат.

Иш-чаранын катышуучулары ICON  3D-принтеринде басылып чыккан, 157 чарчы метр аянтты ээлеген модулда жашашмакчы.

Марска жөнөтүлгөн алгачкы адамдар планетанын физикалык өзгөчөлүгүнө байланыштуу маселелер менен гана бет келишпестен, психологиялык маселелер менен дагы бет келишмекчи. Жерден тышкаркы шарттардагы изолоция адамдарга кандай таасир бере турганын НАСА изилдеп чыкмакчы.

Тажрыйба «Mars Dune Alpha» деп аталат жана ал 2022-жылы башталат. Ага ылайык, бир жыл бою төрт адам Кызыл планетадагыдай жасалган шартта толук изоляцияда жашашмакчы.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы