Бүгүн Кадамжай шаарында Кыргыз Эл баатыры, маркум Апсамат Масалиевдин 80 жылдыгы белгиленди. Ага КРнын вице премьер-министри Тайырбек Сарпашев Жогорку Кеңештин бир топ депуттары, Коомдук ишмерлер жана А. Масалиевдин туугандары катышышты. Алгач Апсамат Масалиевдин эстелигине гүл чемберлер коюлуп, Куран окулду. Кадамжай райондук администрациясында салтанаттуу жыйын болуп, сөзгө чыккандар А. Масалиевдин инсандык бийик сапатын белгилеп өтүштү.
Вице премьер-министр Т. Сарпашевдин айтымында, А. Масалиевдин 80 жылдык мааракеси Кыргызстандын бардык аймагында өткөрүлөт.
Эскерте кетсек, Кадамжай шаарындагы №17 орто мектепке Апсамат Масалиевдин ысмы ыйгарылды.
Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы