МАЙРАМДАР

Эл кадырлаган почтачы (фото)

el_kdm_001Исабекова Тотихон Зиевидиновна 1968-жылы Марказ айылында туулган.

1975-жылы Бишкектеги почта кызматкерлерин даярдоочу атайын техникалык окуу жайына кирип, 1986-жылы аталган окуу жайын ийгиликтүү бүтүргөн.

Ал 1986-жылдын 1-августунан Марказ байланыш бөлүмүнө башчы болуп дайындалып, өз эмгек жолун баштаган.

Эл кадырлаган почтачы                                                            Сүрөт - «Эл жарчысы» гезитинин архивинен

Мына күндөр жылга айланып, Тотихандын Марказ байланыш бөлүмүндө бир жерде эмгектенгенине 27 жыл болуптур. Эл урматына татыган Тотихан Исабекова 1996-жылы райондук почта бөлүмүнүн, 1998-жылы Баткен областынын губернаторунун Ардак грамоталары менен сыйланган. Ошол эле жылы Ош шаарында болуп өткөн почта кызматкерлеринин конкурсуна катышып, алдыңкы орунду камсыз кылган. 2001-2006-жылдары «Кыргыз Почтасы» нын башкы директорунун Ардак грамотасы менен сыйланган

Байланыш тармагында кошкон көп жылдык салымы, ак ниеттүү эмгеги жана өндүрүштөгү жетишкендиктери, эл кызматында талыкпай эмгектенгендиги үчүн «Бүткүл дүйнөлүк почта кызматкерлеринин күнүнө» карата 2013-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин «Ардак грамотасы» менен сыйланып олтурат. Тотихан ак көңүл, элдин алкышына татып, «Карыга катуу айтпа» деген сөздү ыйык тутуп, иштеп келе жатат. Бош убактарында өзүнүн огородуна ар түрдүү эгин эгип, дыйканчылык менен алектенет. Келечекте почта байланыш тармагын дагын да өркүндөтүп, жаңылыктарды киргизүүнү эңсейт.

Тотихандын ишмердүүлүгү, жетишип жаткан ийгиликтери жана алган сыйлыктары менен куттуктап, дагы да ийгиликтерди каалайбыз.

Ш.Сатыбалдиев, Марказ айылы

 

Нравится

Жооп калтыруу

«Жогоруга кайтуу» баскычы