ЭКОНОМИКА

Дилфуза Саматова: Жашоодо кыйынчылыктардан коркпой, чон максаттарды коюп жашаш керек (фото)

el_kdm_001Саламатсызбы Дилфуза Саматова! Азыркы учурда дүйнөдө “Чоң төртилик” деген ат менен белгилүү болгон аудитордук төрт компаниялардын катарына кирген Ernst & Young GmbH аттуу эл аралык компанияда иштеп жатат экенсиз. Германияда мындай престиждүү жумушка кантип орношуп калдыңыз?

Сүрөттө Дилфуза Саматова
Сүрөттө Дилфуза Саматова

Алгач Германияда окуп баштаганда бир нече компанияларга практика өтүү үчүн сайттары аркылуу CV баракчамды тиркеп арыз жиберген болчумун. Менин өзүм үчүн орчундуу деп эсептелинген компаниялардын экөөсү телефон чaлышты – John Deere жана ошол “Чоң төртиликтин” бириси болгон KPMG. Биринин артынан бири чакырып, интервьюга барып, сынактан өтүп John Deere компаниясында иштей баштадым. Бир аз убакыт өткөн соң KPMG да жумушка чакырып калды. Татаал тандоого туш келдим. Өзүмдүн алгачкы тандаган адистик багытым, максатым аудит болчу. Жагдайды түшүшүндүрүп сүйлөшкөндөн кийин John Deere компаниясы сырттан болсо да иштеп баштаган эмгегимди бүтүрүп берүүнү суранышты. Ошентип бир эле учурда эки компанияда тең иштөөгө туура келди. Ортодо окуума да жетишип туруу керек болчу.
Үч айлык практикам бүткөн соң KPMG дайыма окуудан бош болгон күндөрү келип иштеп турууну сунуштады. “Иштеген-студент” деген статус беришти.
Ошентип KPMG компаниясында окууну бүтүргөнгө чейин иштеп жүрдүм. Окуум аяктап диплом алгандан кийин “Чоң төртиликтин” экөөсүнө документтеримди тапшырып, экөөсүнөн да ишке сунуш алдым. Ошолордун ичинен сунушталган шарттарды көңүлгө алып Ernst & Young GmbH компаниясына ишке орношууну туура таптым. Бул компанияда мен тандаган бөлүмдө аудиттен сырткары консалтинг багыты да бар экендиги ушул компанияны тандоомо негизги түрткү болду
Эл аралык компанияда кандай кызматты аткарасыз? Аудит жана консалтинг проекттеринде иштеймин
Жумушуңуз өзүңүзгө жагабы?
Ооба, абдан жагат
Сизден башка аталган компанияда кыргызстандыктар эмгектенеби?
Франкфурттагы офисте башка кыргыздар жок, бирок Германиянын башка шаарларында иштеген эки кыргыз кызды тааныймын
Ernst & Young GmbH компаниясында кандай улуттардын өкүлдөрү эмгектенишет?
Ар түрдүү этностордун өкүлдөрү иштешет, Европа өлкөлөрүнөн келген адистер. Бирок басымдуу көпчүлүгү немистер. Азиялыктар да бар, бирин-серин
Аталган эл аралык компания менен Кыргызстандын ортосунда байланыш же кызматташтык болгонбу?
Кыргызстан менен болгон байланыштар жөнүндө кабарым болгон эмес
Сыр болбосо айына канча евро аласыз? Жана тапкан кирешеңиз сизди канааттандырабы?
Контрактта белгиленген жылдык маянам канаатандырарлык. Айлыгым Германиядагы өлчөм боюнча да жогорку даражада деп айтканым жетишээрлик болот деп ойлоймун
Кыргызстанда иштеп жүргөндөгү айлык акыңыз канча эле?
Кыргызстанда практика өткөн мезгилдерде айлыксыз эле иштеп жүрүп тажрыйба арттыргам
Эмне себептен аталган профессияны аркалап калдыңыз?
Экономика тармагында орчундуу болгон адистиктердин бирин өтө жакшы өздөштүрсөм деген ниетим бар болчу
Канча Жогорку билимиңиз бар?
Бир эле дипломум бар. Германияда Бохумдагы эл аралык Рур университетин бүтүрдүм. Американын Борбордук Азиядагы университетинин толук курсун бүтүрө элекмин
Чет өлкөдө билим алууда кандай тоскоолдуктар жаралды?
Эң чоң тоскоолдук тил жагынан болгон деп эсептеймин, анткени Германия чет өлкөлүк катары немис тилин эне тил катары сүйлөгөн студенттер менен атаандаштыкта болосун. Ошондуктан аларга караганда көбүрөөк иштеп аракет жасашың керек. Билим берүү процессинде, ишке орношуу процессинде эч ким чет өлкөлүк экен деп жумшагыраак мамиле жасабайт экен.

Сүрөттө Дилфуза Саматова
Сүрөттө Дилфуза Саматова

Бөтөн жерде өзүңүздү эркин алып жүрөсүзбү?
Албетте, Германияда кишилер бири бирине өтө сый мамиле жасашат
Немис улуту жөнүндө эмне айта аласыз?
Немистер өтө тыкан жана иштерман эл келет экен, аткарган иштерин дайыма сапаттуу жасашат. Андан сырткары абдан так, дайыма ар бир иштин деталдарына көп көңүл бурушат жана баары жокту алдын ала пландаштырганы көнүп калышкан. Ушул сапаттарынан улам пунктуалдуу да болушат
Деги эле сиз эмгектенип жаткан компания жөнүндө маалымат бере кетсеңиз…
Аудит тармагында дүйнөдөгү эң чоң 4 компаниялардын катарына кирет жана дүйнө жүзү боюнча филиалдары/офистери бар. Кенениреек маалыматты компаниянын сайтынан (www.ey.com) окуса болот
Буга чейин дагы кандай мекеме, уюмдарда эмгектендиңиз эле?
Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкында кыска мөөнөтүү практика жасагам. Андан кийинкилери жөнүндө жогоруда айтып кеттим
Кыргызстадан чет өлкөгө кетүүгө эмне себеп болду?
Сапаттуу билим алууга умтулдум
Өз өлкөңүздө да иштеп калдыңыз. Эки өлкөдө иштөөнүн кандай окшоштуктары жана айырмачылыктары бар?
Кыргыз Республикасында көп иштегени мүмкүнчүлүгүм болгон эмес. Бирок болгон тажрыйбама таянып айтсам, Германияда татыктуу квалификацияңыз бар болсо жумушка орношуу жеңил, кесибинизге, жөндөмүңүзгө жараша тоскоолдуксуз, өзүңүз каалаган ишке орношо аласыз. Андан сырткары, Германияда жумуш жеринде жаштыгыңа, ээлеген позицияңа карабай сый мамиле жасашат, адам катары өздөрүнө тең көрүшөт. Менин өлкөмдө да жакынкы жылдарда мезгил талаптары ушундай шарттардын калыптанышына алып келет деген үмүтүм чоң
Германияда унаа айдоону үйрөнүп, айдоо күбөлүгүнө ээ болупсуз. Ушул күнгө чейин жол эрежелерин буздуңуз беле?
Жок, бузганым жок
Франкфурт Майне боюнда кимдер менен жашайсыз?
Өзүм жалгыз жашаймын
Жердештериңиз болгон студенттер жана ишкерлер менен катташып турасызбы?
Баардык жердештерим менен жалпы жыйындарда жолугушуп турамын
Кайсы тилдерде эркин сүйлөйсүз? Жана ал тилдерди кандай шартта үйрөнүп калдыңыз?
Кыргыз тилин – эне тилимди эркин колдономун жана башка тилдерди да эне тилиме таянып үйрөндүм. Анлис, немис, түрк, орус тилдеринде эркин сүйлөймүн. Ата-энеме ыраазымын – баштан эле катардагы кыргыз мектебине беришкен. Англис, түрк тилдерин “Айчүрөк” лицейинде окуп жүрүп үйрөндүм. Орус тилин мектептен эле үйрөндүм. Немис тилин өз алдымча жана AUCAда тил курстарында үйрөнгөм
Математика сабагынан кандай ийгиликтерди жарата алдыңыз?
Мектепте окуп жургөн мезгилде Астанада өткөн эл аралык олимпиадада коло медалын алган болчумун
Ушул даражага жетүү үчүн кандай сапаттарга ээ болуу керек адам?
Татыктуу максат, жакшы тилектер менен аракетчен болуп жашоо
Мүнөзүңүздү сүрөттөп берсеңиз?
Өз мүнөзүмдү сүрөттөө кыйын, бирок өзүмдү токтоо, тартиптүү адам катары көрөм
Ата-энениз чет өлкөдө билим алууңузга жана иштөөгө каршылык көрсөтүшкөн жокпу?
Атам, апам, бир туугандарым дайыма мага туура багыт, кеңеш берип келишет, колдошот. Аларга мен өтө ыраазымын. Бүт кадамдарымды ата-энем менен кеңешип туруп жасаймын
Кандай үй-бүлөдө чоңойгонсуз?
Абдан жөнөкөй бир үй-бүлөдө чоңойгом. Атам – инженер, апам – мугалим
Жашоонун маңызы эмнеде деп ойлойсуз?
Адам баласынын жаратылышына тийиштүү баалуулуктар менен жашоо жана эли-журтуңдун алдында дайыма жүзүңдун жарык болушунда
Буга чейин кандай максаттарды багындырдыңыз жана дагы канчалаганы сизди күтүп турат?
Билим алып, иштеп баштадым. Буйурса дагы көптөгөн жакшы максаттарым бар, алар жөнүндө аткарылгандан кийин айтканым дурус
Кыргызстанга качан келесиз? Жана өз өлкөңүздүн экономикалык жактан өнүгүшү үчүн кандай салым кошо аласыз?
Менин өлкөм – менин үйүм, алтын казыгым, буйурган күнү барып каламын. Өзүмдү өлкөмдүн өнүгүүсүнө салым кошуу үчүн даярдыктар көрүп жүргөн адам катары сеземин
Экономист катары Кыргызстандын азыркы экономикалык абалына кандай баа бересиз?
Азыркы абалды толук үйрөнүп чыкмайынча кандайдыр бир баа берүү туура эмес болуп калат деп эсептеймин. Мен али бүтүндөй бир өлкөнүн абалына баа бере тургандай даражага жете элекмин
Чет өлкөдө билим алууну каалаган студенттерге айтарыңыз барбы?
Азыркы учурда чет өлкөлөрдө билим алуу мүмкүнчүлүктөрү абдан көп. Эгер каалоосу бар болсо, биринчи иретте адам өзү аракет жасап, койгон максатына умтулушу керек. Чет тилдерин үйрөнүү зарыл, компьютер менен өтө жакын достошуу да шарт
Эс алуу күндөрү эмне менен алектенесиз?
Жума ичинде бош убактым аз болгондуктан, жумуштан сырткары учурларда бүтпөй калган иштерди акырына чыгарууга аракет кыламын. Башка шаарларга барамын, досторум менен жолугушам
Биз билбеген кандай өнөрүңүз бар?
Сууда сүзгөндү жакшы көрөмүн, бирок машыгууга жетишпей келемин
Кандай ураан менен жашайсыз?
Жашоодо кыйынчылыктардан коркпой, чоң максаттарды коюп жашаш керек. Ал максаттарга жетпей калсаңыз деле, акырында аракет жасабадым деп өкүнбөйсүз
Эгерде мамлекетибиз сиздин каалооңузга жараша жумуш менен камсыз кылса, Кыргызстанга кайтып келет белеңиз?
Чын чынына келгенде мамлекет мени жумуш менен камсыз кылууга милдеттүү эмес. Мамлекеттик кызматчылардын арасында аны ойлогон кишилер деле жок. Ошондуктан мен өкмөттөн андай даяр сунуштарды күтүп жашабаймын. Бирок өкмөтүбүз жумушка орношууда адилеттүү атаандаштыкка, теңчиликке, калыстыкка кенен жол ачып бүт каалгаларды ачык кармаса деп тилеймин. Өкмөт Мекенимдин коопсуздугун, көз карандысыздыгын камсыз кылып берсе эле жетишет. Кай жерде жүрсөм да ата-энем, бир туугандарым, эли-журтум дайыма жүрөгүмдүн төрүндө. Ошондуктан дайыма өзүмдү үйүмдө жүргөндөй сеземин. Каалаганда, шартка жараша, үйгө барып келип турамын. Кыргыз жериме, элиме кайра толук келүү маселеси да мени түйшөлтпөйт – каалаган күнү келе беремин. Баардык турмуштук пландар тагдырга да баш ийет болуш керек, буйурганы болот деп жакшы тилектер менен жашап келемин. Учурдан пайдаланып кыргыз элиме кайрат, эсенчилик, албан албан ийгиликтер каалап кетүүгө уруксат этиңиздер
Саякат жасоону жакшы көрөт экенсиз. Кайсы мамлекеттерде болдуңуз эле? Ооба, бирок саякат жасаш үчун да убакыт көп талап кылынат экен. Буга чейин аз эле мамлекеттерде болдум – Америка, Англия, Франция, Бельгия, Нидерланд, Чехия, Түркия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекистан, Орусия Курамасы. Германиянын болсо бүт булуң-бурчтарын кыдырып чыктым деп айтсам болот.

Интервьюну уюштуруп даярдаган журналисттер: Самара Сагынбаева жана Элвира Акимова

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы