ЭКОНОМИКА

Казактар карызга батырган комбинат

el_kdm_001Союз маалында дүйнөгө атагы чыккан Кадамжай сурма комбинаты, эгемендүүлүк алгандан кийин көрүнгөндүн колуна калып аксай баштаган. Орустар башкарып, орус иштеткен убакта сурма өндүрүү жогорку тепкичке көтөрүлүп, комбинаттын шылтоосу менен Кадамжайга (союз убагында Фрунзе деп аталган) көп кабаттуу үйлөр катарынан түшүп, көчөлөр гүлгө айланып, чоң шаарлардан кем калган эмес. Кадамжай районунун калкын жумуш менен камсыздап турган комбинат 1967-жылы Лондондогу Эл аралык биржа тарабынан «дүйнөлүк эталон» катары таанылган. Ал эми Союз ыдырап орустун баары орусияга качып, Акаевдин бийлигинин колунда калган сурма комбинат «банкрот» абалга келген. Аскар ажонун доорунда сурма иштетүү эмес, күнүмдүк нанды таап жеш чоң көйгөйгө айлана баштаган. Ошентип, атагы алыска кеткен комбинат өзүн-өзү каржылай албай, бүгүнкү күндө Казакстандык инвесторлор иштетип келе жатат. Кыргызстандын эң кирешелүү тармактары сыяктуу сурма комбинаты да башка өлкөнүн колунда. Жакында алынган маалыматтарга караганда, Кадамжай сурма комбинаты 2013-жылдын 5 ай ичинде 501,7 тонна же 265 млн.305 миң сомдук сурма жана сурма кошулмаларын өндүрүүгө жетишкен. Бүгүнкү күндө 1 тонна сурманын баасы дүйнөлүк рынокто 8 миң 700 АКШ долларын түзүүдө.

Кадамжай сурма комбинаты
Кадамжай сурма комбинаты

Сурма комбинаты 2012-жылдын жыйынтыгы менен 924,8 тонна (540 млн.700 миң сомдук)сурма өндүрүп, планга каралган көлөмгө 275 тоннага гана жетпей калган. Сурма комбинаттын жетекчилигинин билдирүүсүндө, мындай абалдын негизги себеби сырьёнун сырт жактардан ташылып келүүсү .
Бирок, кирешени көңүлдөгүдөй алып жаткан казак ишкерлери электр энергияга болгон карызы 37 миллиондон ашып кетти. Райондук коллегияда сурма комбинаттын директору Манатбек Бахтыбаевди олуттуу суроолор менен жарга такашып, «Ош электр» ишканасы комбинаттын карызы 37 миллион 96 миң 512 сом 39 тыйын болгонун билдирген. Комбинатты казак туугандар да карызга батырып кетпесе болгону. Миллиондогон кирешени таап аткан комбинаттын жетекчи казактары электр энергияга төлөбөй жаткандыгы түшүнүксүз.
Белгилей кетсек, Кадамжай сурма комбинаты 2009-жылы 905 тонна, 2010-жылы 843 тонна, 2011-жылы 891 тонна сурма өндүргөн.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

 

Нравится

Бир комментарий

  1. Коллегияда карап жинди болушкан акимчилик. Сотко бериш керек же болбосо президентти куугандай казактарды казакстанга кууп жибериш керек. Акимчилик коллегияга коюп колунан эмне келет. Комбинаттын президенти коллегияга келип, бул жиндилер ме дешип жатат, а майли дешсе дей беришсин деп улам саатын карап, ичинен согунуп, бир кулгусу келип, миллиондорунун эсебине жетпей, бир эки саат элди тамаша кылып кетти да. Бардык система Кыргызстанда орусча айтканда “через жоппу” болуп жатса. Акимчиликтин колунан эмне келет. Эчтеке келбейт. Урматтуу окурмандар азыркы акимчилик просто колоко. Бюджет жок болсо, бироого тили отпосо, даже бир мекеме ишкананын жетекчисин иштен алып ишке койо албаса…. Шайлагыла дагы партияларды, шайлоодо бириндин этин бирин жейсин. Кичине акча алып урушуп талашып, биринди бирин олтургудой болосунар. Кыргыздарга – демократиянын, партиялардын кереги жок. Биз ага даяр эмеспиз. Мойнунарга алгыла. Эй кыргыздар качан онолобуз озу……..

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы