МАЙРАМДАР

Балдарыбыздын келечеги кең болсун!

Ч.Султанбекова
Кийинки мезгилдерде мамлекет тарабынан балдарга азыноолак болсо да, көңүл бурула баштаганы ырас. Ансыз да тартыш бюджетти каккылап пособиянын көбөйүшү, 5 жашка чейинки балдарды акысыз дарылоо, төрөт үйлөрүндө мурдагыдай акча төгүлбөй бекер тейлөө, башталгыч класстарга бир маал тамак уюштуруу буга мисал. Азыр бийик тоолуу, алыскы, жашоо шарты кыйын райондордо жашаган ата-энелердин балдары үчүн алган акчасы да көбөйгөн. Быйыл каникулда айрым мектептердин өзүндө эс алуу лагерлери уюштурулуп, ага ата-энелерден бир тыйын сурашпай, айрым фонддор тарабынан каржыланмак болуп турат. Ушул учурда 1-класска баруучулар үчүн даярдоо курсу да ачылган. Жаңы бала бакчалардын ачылышы, шаардагы эс алуучу бактарга, үйлөрдүн жанына балдар ойной турган аянттардын түшүшү да наристелер үчүн болгон камкордук. Антсе да мунун баары аз. Жаш чырпыкка канчалык кам көрсөң, ошончолук көк тиреп өсөт эмеспи. Балдар дагы деле коргоого муктаж. Биз аларды бүгүн колдобосок эртең кеч болуп калат. Майрамыңар менен, балдар!

Ч.А.Султанбекова,
КРнын ЖК депутаты

 

Нравится

[poll id=”4″]

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы