КООМ

Баткендеги мечит имамдары аттестациядан өтүштү

Баткендеги мечит имамдары аттестациядан өтүштү
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан Кыргызстандагы мечит имамдарын жана дин жаатында эмгектенгендерди аттестациялоо башталды. Алгач Баткен облусунда уюштурулуп, Муфтийинин орун басары Равшан ажы Эратов баштаган бир топ дин аалымдары келишти. Лейлек, Сүлүктү, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Кызыл-кыя шаарында имамдар менен жолугушуп, ар бирин бирден кабыл алып, диний билимдерин текшеришти. Эң негизги максат-мечит имамдарынын жалпы деңгээлин мониторинг кылып,билим деңгээлин жогорулатуу. Аттестатциалоодо дин кызматкерлеринин билимин гана текшербестен, кесиптик деңгээли дагы аныкталып баа берилет. Кадамжай районунун имам хатиби Мухидин Алматовдун айтымында, бул аттестацияда мечит имамдарынын диний сабаттуулугу, ысырапкорчулук, мазхаб маселелери да каралды. Мисалы, Кадамжай районунун аймагында 132 мечит, 8 намазкана бар. Ушул мечиттердин 90 пайыз имамдары келип аттестациядан өтүштүшкөндүгүн айтат. Аттестация муфтияттын өзүнөн башталып, ал эми республика боюнча 1-апрелден 10-майга чейин өткөрүлмөкчү.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы