КООМ

Баптистер басып баратабы?

Баптистер басып баратабы
Кыргызстан эгемен алгандан бери көптөгөн диний секталар кирип, адамдардын арасында ар кандай пикир келишпестиктерге алып келүүдө.
Демократия деген менен ушул демократиялуулукту жамынып алып, 80 пайыз мусулман өлкөбүздө, анын ичинде Кадамжай районунда да асмандан түшкөндөй диндер пайда боло баштады.
Башка динди кабыл кылгандар өлгөндө мусулмандар да, христиан да мүрзөлөрүнө койдурбаган чоң чуулар Кыргызстанда болгон. Кадамжай районунун эли ушундай окуялардын болтуробоо максатында, Кадамжай шаарында кулачын жайган баптизм агымын мыйзам чегинде карап, Кадамжайда өздөрүнүн идеологиясын жайылтпасын, эгер булар көбөйө берсе диндер аралык жанжал чыгып кетүүсү мүмкүн деген максатта элдер жыйналыш өткөрүштү. Айрыкча жашы жете элек балдарды ар кандай жолдор менен өздөрүнүн сыйынуучу жерине алып кирип, сабактарын өтүп жаткандыгын айтышат. Баптистердин даабатчыларыда басымдуу бөлүгү кыргыздар. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар, Район акимине, райондук МУКК бөлүмүнө, РИИБге жана тийиштүү жерлерге арыз жазышты. Алар арыздарында ооруну дарылагандан көрө, анын алдын алуу дегендей таризде, эртеңки келечек ээлеринин баптизм агымына агылып жатканын кооптонуу менен айтышкан.
Биз Кадамжай шаарынын Беговая көчөсүндөгү «Бардык элдердин сыйынуучу жайы» деген баптисттердин сыйынуучу жайына бардык. Атын айткысы келбеген ушул көчөнүн жашоочулары жаш балдарды, лагерге жөнөтүмүш болуп өздөрүнүн динине тартып жатышат дейт.
Кадамжай шаарынын тургуну Райхан Абдуллаева 8 жашар баласын баптисттер уруксатсыз сыйынуучу жайларына киргизип жүргөндүгүн айтат:
«Былтыр менин 8 жаштагы балам бир күнү оюнчук көтөрүп келиптир, кайдан алдың? десем бир жерге барганын айтат. Кийин эле балдар менен эс алып келет экенбиз деп калды. Сураштырсам баптистер жаш балдарга оюнчук берүү менен, эс алдыруу менен өздөрүнө тартышат экен. Ошондон бери баламды жөнөтпөйм. Дайым көзөмөлдөп турбасаң кооптуу»
Өзүн сыйынуучу үйдүн жооптуу адамы болом деп тааныштырган Илияз деген мырза төмөнкүлөргө токтолду:
«Бизге жашы жете элек балдар ата-энеси менен өз каалоолору менен келет. Чоңдор өздөрүнүн эрки менен келишет. Кудай адамдын эркине каршы чыкпайт. Балдардын эс алуусу болот. Ата-энелер менен келишим түзбөстөн эс алууга жибербейбиз. 10 жыл болду Ыйсага сыйына баштаганыма. Башкаларда чындыкты издесин, чын кудайды тапсын» дейт.
Биз менен сүйлөшкөндө да Илияз мырза, Инжил, библия, Ыйса кудай деген сөздөрүн оозунан түшүргөн жок. Ар сөзүндө Ийса кудай, ал адам болуп жерге түшкөн деген сөздөрүн таңуулап жатты.
Ал гана эмес, Ислам дегениңер менен Исламда жашабайсыңар, диниңерде жашасаңар сакал коюп, автомат асынышыңар керек деп шылдың кылганга да үлгүрдү.
Исламды терең түшүнбөгөн адамдар, Илиязга окшогон баптис агайларына террорист көрсөтүп жаткандыгы акыйкат.
Дин тандоо ар кимдин өз ишенимине жараша деңизчи, бирок кыргыз жигиттери элибизге жат көрүнгөн агымдарды жайылтып жаткандыгы өкүндүрбөй койбойт.
Ал эми Кадамжай шаарынын жашоочусу Израимов Мукумдун белгилешинче, орус улутундагы аракка берилген, селсаяк болуп кеткендер баптистерге барышып, ичпей оңолуп жаткандай сезилет дейт.
Кадамжай райондук имам хатиби Мухудин Алматовдун айтымында, Ислам адамдарга тынчтыкты гана каалайт. Ошол тынчтык болуу үчүн салттуу динибизди кармап, ар кандай агымдарга азгырылбашыбыз керек деп эсептейт. Бул баптизм аркасынан элдер арасында түшүнбөстүктөрдөн, тынчтык бузулуп кетиши мүмкүнкүндүгүн айтат.
Дал ушул Кадамжайдан чыккан атактуу акын Молдо Нияз «Караңгы элге каапыр молдо» деп айтканы ачуу чындык. «Душа таза болсо болду» деп, өз динибизге анча маани бербей бара берсек, баптис эмес 5-10 адамдар секта түзүп, динин билбеген кыргызды кыйла башын айлантаары шексиз.
Максат бир динди басмырлоо эмес, балким адамдар арасындагы тынчтыкты сактоо. Улут аралык келишпестикти басып койсо болот. Диндер аралык жанжалды басуу мүмкүн эмес. Терең ойлонолу.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы