МАЙРАМДАР

Майрамыңыздар менен, урматтуу айымдар!

Акрамжан Мадумаров_ 3
8-март-жадыраган жаздын алгачкы күндөрү менен коштолгон өзгөчө майрам.
Урматтуу ак элечек энелер, кадырман эже карындаштар.
Сиздерди жаз коштоп келген 8-март-Аялдардын Эл аралык майрамы менен Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын жана өзүмдүн жеке атымдан чын жүрөктөн куттуктайм. Ошону менен бирге Сиздерге жадыраган жаздай жаркын маанай, бекем ден соолук ишиңиздерге ийгилик, үй-бүлөдө бактылуу турмуш каалап кетем.
Биздин күндөлүк тиричилигибизде ишенимдүү арка-жөлөк болгон энелер, эжелер жана карындаштар, үйүбүздүн куту жана туткасы сиздер жөнүндө канча сөз кылсак да аз. Анткени, Сиздер үй тиричилигиндеги түмөн-түйшүктү кабагым кашым дебей көтөрүп, ошол эле учурда эл чарба өндүрүшүндөгү, коомдук турмушубуздагы иштерге активдүү катышуу менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө, элибиздин жашоо турмушунун жакшырышына татыктуу салымыңыздарды кошуп келе жатасыздар.
Кымбаттуу энелер, эжелер жана карындаштар!
Сиздерди дагы бир жолу кирип келе жаткан 8-март-Аялдардын Эл аралык майрамы менен куттуктап, Алла Таалам дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды сиздерге ыроолосун деген тилекти билдиргим келет. Ооруу сыркоодон алыс болуп, эч качан жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин. Биздин бактыбызга ар дайым Сиздер бар болуңуздар!.

МАДУМАРОВ АКРАМ КАМБАРАЛИЕВИЧ
Кадамжай райондук мамлекеттик администрация

башчысы – акимдин милдетин аткаруучу

Бир комментарий

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы