МАЙРАМДАР

Кадамжай районунун акими, милицияларга автоунаа белек кылды

el_kdm_001Кадамжай районунда кыргыз милициясынын 89 жылдыгы белгиленди. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү милициялардын кесиптик күнү менен куттукташып, Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнө, район акими Акрам Мадумаров «Жип» авто унаасын белеке берди.

Копия Кадамжай районунун акими, милицияларга  автоунаа белек кылды (1)

Коомдук тартипти сактоого өзгөчө салым кошкон бир канча кызматкерлерге, Кадамжай шаардык мэриясы, Райондук администрация, Райондук ички иштер бөлүмү жана Афган, Баткен согушунун катышуучуларынын Баткен облустук уюму тарабынан Ардак Грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.

Копия Кадамжай районунун акими, милицияларга  автоунаа белек кылды                                                                                       Сүрөт автордуку

Кызмат учурунда курман болгон милицияларга багышталып Куран окулуп, үй-бүлөлөрүнө жардам катары акча берилди.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10 ай аралыгында Кадамжай райондук ички иштер бөлүмү тарабынан 189 кылмыш ишине тергөө амалдары жүрүп, 92 пайыз кылмыштын бети ачылган.

А.Абсаттаров, атайын кабарчы

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы