МЕЗГИЛ, ИНСАН, ОКУЯ

Төрөбай, кызың төрткө чыкты, келип кетчи…

Кыштын суугу сыртта өз өкүмүн жүргүзүп боз кыроо чалып, айлана ак карга чүмкөнүп, быйылкы кыш эмнегедир өзгөчө. Кеңсеге кире бергенде эле эшик алдында турган жашы 30дарга барып калган көздөрү кара, ак жүздүү, сулуучан келген келин менен үч жаштар чамасындагы бөйтөйгөн куурчактай болгон кызга көзүм түштү. Кабинетти ачууга ачкычты издеп жатсам мага жакын келип:
-«Баткен таңында» иштейсизби?-деп суроо узатты.
–Ооба-дедим.
–Сизди күтүп турган элек-деди.
–Келгиле-деп ичкери киргиздим.
Мени көпкө күтүп калгандыктанбы же жүрөгү толуп тургандыгынанбы айтоор орундукка отуруп-отурбай жатып эле? къз жашын төгүп жиберди. Өзүн-өзү басып алсын деп күтүп турдум. Кыйлага барып соолукту. Келгендеги жөн-жайын сурадым. Ал акырындап айтып жатты…
1995-жылы Кадамжай айылындагы Өл-Алыш орто мектебин бүтүп, ошол эле жылдын 23-октябрында, Ноокат районунун Кызыл-Тейит айылына келин болуп түштүм. Жолдошум Асан Эргешов ошол айылдагы гимназияда мугалим болуп иштегендиктен, үй кызматкери болуп ишке деле чыккан жокмун. Жашоом бир нукта өтүп жаткандыктан, менден өткөн бактылуу аял жок эле. 1998-жылы жолдошум капилеттен каза болуп калып. 2 кызым менен жесир болуп калдым. Кыздарым Шааркан менен Гүлкумар чоң аталарынын колунда калып, өзүм өлбөстүктүн оокатын кылып базар шарына кирдим. Сегиз бир тууган болсок дагы, ар кимдин өз түйшүгү өзүндө экенин ошондо түшүндүм. Ишим илгерлеп, башында жашоом бир калыпта болгондой болгон менен, акырындап тагдырдын таш жолунда өз чыйырымды таба албай, улам алга умтулган сайын чалынып, кыйналганымды жашыргым келбейт.
Агам Матрайим Түркбаев, бир туугандарым жашоомо аз да болсо жардам болсун деп, Кызыл-Кыя шаарынан бир бөлмөлүү үй сатып беришти. Чоң кызымды алып экөөбүз жашап калдык. Иш издеп жүрүп, шаардагы бир чайханага ишке орноштум. Ал жерден алган маянага кызым экөөбүз оңуп эле калдык. А түгүл айрым учурларда апам жашаган үйгө бир нерселерди жөнөтүп да калдык.
Ошентип жүргөн күндөрүмдүн биринде, тагыраагы 2010-жылы өзүм иштеген чайканадан Төрөбай Юлдашев аттуу жашы улгайып калган адам менен таанышып калдым. Өзү жөнүндө кыскача айтып, Ноокаттын Жал айылынан болорун, аялы менен ажырашып, учурда өзү жалгыз жашап жүргөнүн божурап, бирге жашайлы деп сунуш кылды. Кызым бар экендигин айтсам,-эч нерсе эмес, бизге жолтоо болбойт-деп макул болду. Көп өтпөй турмуш курдук. Мени ата-энесинин үйүнө эмес, жакын жездесинин үйүнө алып барды.
Жыл айланып, 2011-жылдын 7-марттында кыздуу болдук. Атын Раяна коюп, жашообуз бир калыпта эле өтүп жаткан. Бирок эмнегедир күбөлүк алынбай төрөт үйүндөгү тактама менен эле өз атымада калып, «Абдирахманова Раяна Төрөбековна» болуп кала берди. Буга деле анчалык маани бербедим.
Бир күнү Төрөбек келип:-Ушул бир бөлмөлүү үйдү сатып, чоң үй салбайлыбы?-деп калды. Күйөөм болгон соң эмне демек элем. Макул болдум. Январский кичи райондогу үйдү 12000 (он эки) сомго сатып, өзүбүз ижарага чыгып, курулуп жаткан үйгө баягы акчаны коштук. Ага анда-санда барып турганыбыз менен, жаңы үйдүн курулушу создуга берди. Үй курулушун бүткөрүү керек-деп, Төрөбай Россияга 2011-жылдын 15-январында аттанды. Баарыбыз кубаныч менен узаттык. Негизги максат үй тезирээк бүтүп, ага кирип жашоо болчу. Төрөбай кеткен боюнча кайда, эмне иш кылып жаткандыгы жөнүндө эч бир кабар кылбады. Дайынсыз жүрдү. Андан-мындан алган кабарга шүгүр кылып жүрдүк. 2012-жылдын 12-марттында келиптир деп угуп, издеп чыктым. Ата-энесине бардым. Жок. Алар түзүктөп да жооп беришпеди. Курулуп жаткан үйгө бардым. Анда да жок. Кайра кайтып келе жатсам, кошуналардын бири:-эмнеге эле бул жерге кайра-кайра келип жатасың, бул Төрөбайдын мурунку аялы Айнуранын үйү да-десе болобу. Аң-таң калып ижарага келдим.
Сөз төркүнүн ошондо түшүндүм. Мага чейин Айнура, Азима дагы бир канча аялга үйлөнгөн Төрөбайдын, менден качып жүргөнү бекер эмес экендигин аңдадым. Мунун ортосунда дагы сөздөр бар, аларды айтканда не? Кыскасын айтканда, андан кийин издөөнү да токтоттум. Мени эң эле өкүндүргөнү өз канынан жаралган кызга жок дегенде эркектик кылып, күбөлүк алып берип койсо не? Мейли үйүм сатылса сатылып кетти. Баш баанек өлбөгөн жаңга табылар. Жок эле дегенде кызы үчкө чыгып калды бир жолу келип көрүп кетсе эмне? Төрөбайда аталык сезим, мээрим такыр эле өлүп калганбы? Ушуга таңмын. Элде «жашка тойсом да башка тое элекмин»-деген сөз бар эмеспи. Төрөбайдын башка тойгонуна өкүнөм. Кызым ар дайым,-атам кайда, атам ким?-деп сураган сайын, жүрөгүм эзилип, жүлүнүп соолуй түшкөнүн ал кайдан билсин. Силерге келгенимдин бир себеби ушул, гезит бетинен болсо да айтып калайын, Төрөбай кызың төрткө чыкты, жок дегенде бир келип кетчи кызың үчүн, ал сенин дидариңди көрүп, менин атам ушундай киши деп бир өмүр айтып жүрсүн-деп сөзүн жыйынтыктады Бактыгүл, көз жашын аарчып.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы