МЕЗГИЛ, ИНСАН, ОКУЯ

Абсамат Масалиевдин 80 жылдыгын утурлап… ТАЗАЛЫКТЫН ЧОЛПОН ЖЫЛДЫЗЫ ЭЛЕ

А.М. Масалиев
Келе жаткан жаз айларында Масалиев Абсамат Масалиевичтин көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак. Бул улуу инсандын өмүрү таржымалын мен абдан жакшы билем. Ал кишинин өмүр жолун көз алдымдан өткөрүп жатып, бүгүн бизге Абсаматтай азамат жетпей жаткандыгына арман кылам.
Тарыхты барактап отурсаң, кыргыз элин кимдер башкарганы, алардын кудурети, тазалыгы канчалык экени алаканга салгандай көрүнөт.
Өз убагында Кара-Кыргыз автономиялык республикасына Москва жетекчи издеп калат. Ал кезде кыргыздын келечектүү, билимдүү жаштары Ю. Абдрахманов, И.Исаков, К.Тыныстанов, А.Айтматов жана башкалар жеткиликтүү жетилишип элин, жерин сүйүшүп чыныгы кызмат кылууга даяр болсо да, аларга бийлик буюрбай И.Сталиндин көрсөтмөсү менен А.Орозбеков бийлик башына келген экен. Ал киши кыргыз элинин биринчи журт атасы, анын кыргыз элине сиңирген эмгеги канчалык экени тарыхты белгилүү.
Орозбековдон кийин И.Раззаковго чейин кыргыз элин орус элинин өкүлдөрү башкарып келди. Кийин элибиздин бактысына И. Раззаков адегенде Министрлер Советинин төрагасы, ал эми 1951-жылдан тарта Кыргызстан Коммунисттик партиясынын биринчи катчысы кызматына келген. Бул кишинин кыргыз элине кылган кызматы “мен таза болсом, сен таза болсоң, коом таза болот”-деген, таамай айткан учкул сөзүнөн эле билинип турат. Мектеп окуучуларына бекер тамак берүү, сырттан келген улуттарды кыргыз тилин үйрөнсүн деп мектептерде кыргыз тили сабагын окутуу, кыргызча бала бакчаларды уюштуруу маркум Исхак Раззаковдун түздөн-түз көрсөтмөлөрү менен ишке кирбеди беле. Ал эми экономикадагы, айыл чарбасындагы, өндүрүштөгү улуу башталыштардын бары ал кишиге тиешелүү экендигин улуу муун унутса да, тарых унуттурбайт болуш керек.
Тарых алдынды менин аксакалдык парзым катары республиканы чейрек кылым башкарган Турдакун Усубалиев жөнүндө эки ооз жылуу сөз айтпасам болбос. Ал киши жөнүндө кимдер кандай айтса өзүнүн жумушу, бирок мен жакшы пикирдемин. Иш билги, акылман, паракорчулуктан, азыркыча айтканда коррупциядан алыс, бардык улутка калыс киши экенин жакшы билемин. Турдакун Усубалиевичтин убагында өлкөбүздүн экономикасы өсүп-өнүгүп, кээ бир тармактын өнүгүүсү боюнча Союзда алдынкы орунда болгону калппы? Шаарыбыз союздагы эң жашыл жана мрамор шаарына айланганын кантип унутабыз. Бул киши болбогондо Чаткал өрөөнү бүт бойдон өзбек туугандарга өтүп кетери анык болчу. Кыскасы, кыргызга ак дилден кызмат кылгандардын жана башында Исхак Раззаков, Турдакун Усубалиев жана Абсамат Масалиев болгонун мен ар дайым сыймыктануу менен эскерип, калың журтка колумдан келишинче айтып келем.
Абсамат Масалиевич Ыссык-Көл обкомуна биринчи катчы болуп жаңы эле көчүп барса, ат тезегин кургатпай Көлдүн бир чоң ачендиги, бир чанач кымыз, бир баглан козуну бышыртып, айдоочусунан берип жиберткен го кайран эр. Абсамат Масалиевич, ал айдоочуну үйүнө киргизип: “Бизге эки эле чыны кымыз, бир кесим эле эт жетет, кесирлик кылбай ырым үчүн ооз тийип коелу”-деп, калганын кайра айдоочунун машинасына салып кайтарып берген экен. Мурда мындай ыкма менен далайды кылтакка илишкен карт башкарма, куу жетекчилер “биринчинин бул кылганы эмнеси”-деп айран таң калганы менен, шаардык соода уюмунун башчысы аркылуу, ал жашаган үйгө, ал жокто чет өлкөдөн алып келинген үй эмеректерин жеткирип ташташкан имиш. Абсамат Масалиевич жетекчилердин мындай мамилесине абдан нааразы болуп, тиешелүү кызматтардын жардамы менен ал эмеректерди кайра артка кайрып эле тим болбостон, атайын бюродо анын авторлорун абдан катуу жазалаган дешет.
Чынында таза иштөө жагынан алганда Абсамат Масалиев өзүнчө эле чолпон жылдыз. Тазалыктын символу деп айтсак да болот. Бир жагынан алганда эгерде А.Масалиев мамлекет башчысы болуп иштеп тура бергенде мамлекеттин мүлкүн, завод-фабрикаларды, колхоз-совхоздорду бүлгүнгө учуратпай сактап калат беле деп өкүттө да каласың. А эл байлыгын көз карегиндей сактагысы келчү эле. Абсамат Масалиевичтин мындай чынчылдык коммунисттик идеяларга катуу берилгендик касиеттери кайдан болду экен деген суроо туулбай койбойт. Мунун сырын билүү үчүн алыскы-алыскы жылдарга кайрыласын. Бары башаттан башталат эмеспи. Абсамат Масалиевич 1933-жылы 10-апрелде Кадамжай районунун Алыш айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган көрүнүп тургандай А.Масалиевдин балалык чагы оңой жылдарга туш келген эмес. Ошол учурда СССР мамлекети өтө кыйын жылдарды башынан кечирип, Улуу Ата Мекендик согушту жеңип чыккан. Жылдан-жылга элдин мурдагы оор жашоосу жеңилдеп, турмуш оңолуп, илимге, билимге жетишип коом алдыга көздөй өнүккөндөн өнүгүп отурганын Апсамат Масалиев окуп да, иштеп да жүрүп өз көзү менен көргөн. Өзү да жакшы иштеп, үлгүлүү жүрүү менен элге таза кызмат кылууну туу туткан. Жетишилген ийгиликтердин баарынын башында Компартия, Совет мамлекети турганына терең ишенген жана аны ыйык туткан. Ошондуктан ал ага өмүр бою ак кызмат өтөп өткөн.
Абсамат Масалиевдин көзү тирүү болсо жаз айларында 80 жашка чыкмак. Бул адам өтө чынчыл, ак ниет, бирөөгө катуу сүйлөбөгөн, дайыма сылык-сыпаа жүргөн, кыргыз элинин чыныгы атуулу экени талашсыз. Бул инсандын образы кылымдан-кылымга, ар бир окуу жайларда кыргыз элинин келечегинен үмүт арттырган жаш муунду тарбиялоодо окуу куралы катары пайдаланылары шексиз. Ал артынан тазалыктын гана үлгүсүн калтырып кеткен.

Топчубек БАЯЛИЕВ,
КРнын эмгек сиңирген мугалими, тарых илимдеринин доктору, профессор, персоналдык пенсионер.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы