МЕЗГИЛ, ИНСАН, ОКУЯ

«Намысы жок – эл болбойт, Жигити жок – жер болбойт» КУТТУУ ЖЕРДИН УУЛДАРЫ, УЛУУ ЖОЛДУ УЛАНТАБЫ?

el_kdm_001
Улуттук тарыхыбызда Кадамжай жергеси тарыхый инсандардын мекени деп аталат. Анкени, айтылуу Полот хан, өлкөбүздүн алгачкы жетекчиси Абдыкадыр Орозбеков, ак эмгеги менен элдин эсинде калган кыргыз Эл Баатыры Апсамат Масалиевдердин киндик каны тамган жер экендиги калайык калкка маалым. Эл башкарган бул инсандардын жолун улап, көз карандысыз мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүнө салымын кошуп, республикалык жогорку кызматтарда иштеген уул-кыздарыбыз барбы? Албетте, бул суроого тырыхчылар гана эмес, элибиз да кызыкдар. Кыргыз саясатынын жаңы тарых барагы ачылып, эгемендүүлүктүн туусу колубузга тийгенине 22 жыл болду. Бул жылдарда саясатка аралашып, мурдагы бийликтердин маалында жетекчилик кызматтарда иштеген кадамжайлык кадрлар жок эмес. Комсомолдон эмгек жолун баштаган Кызыл-Булак айылында туулуп-өскөн Исмайыл Масаитовдин ысымы элибизге аздыр-көптүр белгилүү. Ал 1980-жылдары Кара-Көл шааркомунун биринчи катчысы болуп иштеген. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын жетекчиси, Талас облусунун губернатору, Талас жана Кызыл-Кыя, Таш-Көмүр шаарларынын мэри, Ош облусунун губернаторунун орун басары, Кыргыз Өкмөтүнүн аппаратынын башчысы,Ош областтык социалдык фондун начальниги кызматтарында эмгектенген. Саясат таануучулар бул инсанды бир топ жоопкерчилтүү кызматтарда иштеп, такшалган тажырыйбалуу, уюштуруучу, жетекчи катары баалашат. Андан тышкары эл башы болгон инсандардан кийинки калкыбыздын назарына илинген жетекчи кадр деп айтышат. Азыркы күндө ардактуу эс алууда. Эркин Муктаров Тамаша айылында туулган. ОМПИнун филология факультетин аяктап, райондук комсомол комитетинин кызматкери болгон. Андан кийин Москвадагы жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. СССР ЛКЖС БКда иштеп жүргөн кезинде,ошол мезгилдеги мамлекет жетекчиси Т.Усубалиевдин атайын чакыруусу менен Ош областтык комсомол комитетинин экинчи катчысы кызматына келген. Көп өтпөй Кыргызстан ЛКЖС БКнын үчүнчү катчысы болуп дайындалган. Легендарлуу парламенттин депутаты. Биринчи Президент А. Акаев мезгилинде Ысык-Көл облусунудагы Ысык-Көл районунун башчысы – акими, борбор шаарыбыздагы Свердлов жана Аламидин райондорунун жетекчиси. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган. Саясаттан бизнес тармагына өтүп, борбор шаарыбызга “Ак эмир” соода борборунун куруп, жүздөгөн соодагерди иш менен камсыз кылганын жалпы журт жакшы билет. Бүгүнкү күндө атактуу ишкерлердин бири.
1995-жылы мамлекетибизде эки палаталуу Жогорку Кеңеш иштей баштаган. Ошол жылдары Кара-Дөбө айылынын “бычакка сап болчу” уулдарынын бири УКМКнын полковниги Адылбек Кадырбеков КР мыйзам чыгаруучу палатасына депутаттыкка шайланып, саясат айдыңында жүргөн. 1999-жылы А.Кадырбеков жаңы түзүлгөн Баткен облусунун губернаторунун коопсуздук боюнча орун басары болуп дайындалат. Бирок эки жыл иштеп, өз каалоосу менен казматтан кеткен. Ал эми Эл өкүлдөр жыйынына Кара-Жыгачтык Абдыкайым Абсаттаров депутат болгону элибизге маалым. Бул депутаттардын кийин элибиздин өкүлү болуп, Айдеркендик бизнесмен Закир Шарапов парламентке барган. Бүгүнкү бийлик бутактарында, жогоруда аты аталгандардын ысымдары угулбайт.
Коомдук ишмер Искак Масалиев кыргыз калкынын калың катмарына кара аттын кашкасындай таанылган инсан. Абройлуу атанын чыгаан уулу да элибиздин ак батасын алып, депутаттык мандаттын ээси болгон. Ал оппозициячыл депутаттардын катарында жүрүп, үй-бүлөлүк башкаруу бийликтеринин кулашына үлкөн салым кошуп келген. Тажырыйбалуу адис азыр өлкөбүздөгү салыкчылардын жетекчиси.
Азыркы Жогорку Кеңеште Кыргыз эл акыны Эгемберди Эрматов менен бизнес тармагында такшалган Охна айылында туулуп-өскөн Мурадыл Мадеминов бар. Жогоруда аты аталган мурдагы депутаттардан айырмаланып, М.Мадеминов парламентте бир канча маанилүү маселелерди көтөрүп, “балык” депутат эмес экенин далилдеп, өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүүдө.
Ушул жылдын январь айынан бери, районубуздун жетекчиси болуп иштеп жаткан Кара-Дөбө айылынын кулуну Акрам Мадумаров да такшалган жаш кадрлардын бири. Ал жогорку окуу жайында окутуучулуктан эмгек жолун баштап, биология илимдеринин кандидаты илимий даражасына ээ болгон. Андан кийин КРнын Президентинин иш башкармалыгынын аппаратында уюштуруу жана тышкы байланыштар бөлүмүн жетектеген. Азыркы учурда КРнын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын бүтүрүүчүсү. Бүгүнкү бийликтеги министрлердин же губернатордун арасында кадамжайлык кадрлар жок. Тактап айтканда улуу жолду улантуучу уул-кыздарыбыздан аксап жаткан мезгилибиз. Бирок “Аккан арыктан суу агат”-демекчи келечекте өлкөбүздүн экономикасын өнүгүшүнө салымын кошуп, эл жерди башкара турган азаматтар чыгары талашсыз.

Акматбек Асанов, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы