АДАБИЯТ

Уулкан Амираева

уулкан амираева
Уулкан Амираева – Кадамжай районун, Айдаркен шаарчасында төрөлгөн
Айдаркен шаарынын тургуну
Мекендешибиз Уулкан Амираеванын ырлары, окурмандар үчүн сайтка жарыяланып турат.

Күнөөсүз карек

Сүт жыттанган сенин таттуу илебиң.
Айтып бүткүс, бакытым да тилегим.
Ууз жытыңды сагындым оов, сагындым.
Жалгыз балам менин ыйык зирегим!

Бах чиркин ах, сенин таттуу сөздөрүң.
Бейкүнөөсүз жанган кара көздөрүң.
Күзгү сымал көз алдыма тартылат.
Сүт- эмчекти соргон баё кездериң!

Бакыт ыры

ЖАШАГЫМ ЖОК МЕНИН БОРБОР КАЛААДА.
ҮЙ САЛСАМ ДЕЙМ БУЛАК ЧЫККАН ТАЛААГА.
АЛ ҮЙҮМДҮ ТОЛТУРГУМ ЖОК БУЙУМГА.
ТОЛТУРСАМ ДЕЙМ, ЭТЕК ТОЛГОН БАЛАГА!

ООРУН БЕРБЕЙМ АЛ ҮЙҮМДӨН САНААГА.
АЙЛАНТСАМ ДЕЙМ, БАЛА-БАКЧА КАНАГА.
ЖАСАЛГАЛАП , АЛТЫН-КҮМҮШ ТАККЫМ ЖОК
ЖАҢЫРТСАМ ДЕЙМ, ТАТТУУ КҮЛГӨН БАЛАГА!

ИЛГИМ КЕЛБЕЙТ КИЛЕМ, ПАРДА, ГҮЛ ЧЫРАК.
БОЛСО БОЛДУ БАКЫТ, ЫРЫС, ЫНТЫМАК.
ИЛГИМ КЕЛЕТ, БАЛДАРЫМДЫН КӨЙНӨГҮН,
МЫНА УШУЛ МЕНИН БАКЫТ ӨРНӨГҮМ!

КАРЕГИМДИ СЫЙЛАЙ БЕРЕМ

БУУЛУККАНДА БУГУМ ЧЫГЫП ЫЙЛАЙ БЕРЕМ.
БАЙКУШ ЖАРАТ ЖҮРӨГҮМДҮ КЫЙНАЙ БЕРЕМ.
БААРЫНАН ДА ЫЙЛАП БҮТҮП, СООРОНГОНДО.
БАКЫРАЙГАН КАРЕГИМДИ СЫЙЛАЙ БЕРЕМ.

БУУЛУКПАЧЫ, БӨКСӨӨ КӨҢҮЛ БОЗДОБОЧУ.
БИЛИГИ ЖОК КӨҢҮЛДӨРДҮ КОЗГОБОЧУ.
БООРУ ТАШТАН БҮТКӨН УШУЛ ДҮНҮЙӨНҮ.
БЕЗЕЛЕНИП КӨЗ ЖАШ МЕНЕН КОЛДОБОЧУ!

Киммин мен?

Киммин мен? Тынчын алган каракчымын.
Сүйүүсүн жаза берген баракчымын.
Көңүлгө жакшы ыр келсе жазып койоор.
Жөнөкөй, аты жаман жамакчымын.

Киммин мен? Ырды сүйгөн санатчымын.
Учалбай турган сөзгө канатчымын.
Төрт сап ыр, жазсам жакшы, көңүл толгон.
Жашоомдо ырларга бай-манапчымын!

Буулуксам, көңүл сыйрып, жаратчымын.
Ырга мас, арагы жок, шарапчымын.
Мен бирок, акын эмес, поэт да эмес.
Мен кербен, өз жолумда баратчумун!

Туулган жерим!

АЙДАРКЕНИМ ЫЙЫГЫМ, МЕНИН ЖЕРИМ.
БИРИМДИКТЕ ЫНТЫМАКТУУ АСЫЛ ЭЛИМ.
ГАУЯН ТОО КООЗДУГУН АЙТЫП БҮТКҮС.
ӨРКҮНДӨЙ БЕР КЕРЕМЕТТҮҮ АЙДАРКЕНИМ.

МИҢ ТҮРКҮН ӨМҮР ЖАШАП, ӨМҮР СҮРӨТ.
КУЧАГЫНА КАНЧА УЛУТТУ КАТЫП ЖҮРӨТ.
БООРУ КЕҢ, ДИЛИ ТАЗА АТА-ЖУРТУМ.
БЕРЕКЕЛҮҮ АЙДАРКЕНИМ БААРЫН СҮЙӨТ!

ЧАҢКАГАНДА CУУМ БОЛООР КАНЫП ТУРГАН.
КАРАҢГЫДА ЧЫРАК БОЛООР ЖАНЫП ТУРГАН.
САГЫНГАНДА АЛЫСТА АТЫҢ СЕНИН.
ТОЛКУН БОЛООР ЖЭЭГИМДЕ АГЫП ТУРГАН!

Апам үчүн

Жыпарым, асыл сөзүн мени менен.
Кастарлап бапестеймин сени дегем.
Ааламда жок бир да адам сендей ыйык.
Ал анткени, мээримдүүсүң алтын Энем!

Өзүң бар, бул турмуштун оорун жеңем.
Тар болсо да жүрөгүм сен бар кенен
Карегимдей асыраймын сыйлап сени.
Себеби бар, жалгызымсың жаным Энем.

Ыйык да өзүң берген асыл батан.
Өзүңдү ар кечтерде ойлоп жатам.
Ак аралап чачтарыңды турат бүгүн.
Суранаарым картайбачы жалгыз Апам.

Алыс жүрүп көп сагындым абдан сени.
Билем апа, сагынгансың сен да мени.
Турмуш куруп өзүм апа болгонумда.
Билдим сенин кадырыңды мына эми.

Кайраттуу бол, сабырдуу бол дейсиң күндө.
Уйкуларым ый аралаш болуп түндө.
Сыздаганым сезбейсиң да асыл Апам.
Куса болуп, балалыгым өткөн үйгө!

Ошон үчүн сүйөмүн!

Кээде салкын кээде таттуу күлөмүн
Көп максатты үмүт кылып жүрөмүн.
Аз күнчөлүк өмүрүмдө энемин.
Ошон үчүн бул өмүрдү сүйөмүн!

Көп ойлорду көкүрөккө түйөмүн.
Уулума той берсем деп жүрөмүн.
Аман койсо жаратканым дагы да.
Эл көзүнө көп нерсени үйөмүн!

АРСЫЗ АТА

Балам бактым, балам дүйнө ырысым.
Көктө жанган мага күндүн нурусун.
Экөөбүздү эки жакта сыздаткан.
Арсыз атаң, адам болбой курусун!

Өзүн мага бермет сымал шурусун.
Алтын балам, баарынан сен улуусун.
Мени сенден, сени менден айрыган.
Таш боор атаң, ата болбой курусун!

КЕЛЕТ ЖАШАГЫМ!

МЕН ЖАШАГЫМ КЕЛЕТ ДАГЫ ЖАШАГЫМ
ЧЫКПАСА ДА МЕЙЛИ АКЫН АТАГЫМ
ЖОЛУМ ТОСУП ИЧ КҮЙГӨНГӨ АЙТААРЫМ
СЕНИ МЕНЕН МЕНИН ЖОК ЭЧ ЧАТАГЫМ

МЕН ЖАШАГЫМ КЕЛЕТ ДАЛЕ ЖАШАГЫМ
БУЛ ӨМҮРДҮН КӨП СЫНООСУН АШАДЫМ
ЖАРАТКАНДАН КУНДӨ ТИЛЕЙМ ЖАЛЫНЫП
ЫРАА КӨР ДЕП БЕЙИШИМДЕН ЖАТАГЫМ!

“КИМ”-ДЕП СУРАБА?

АРЗУУЛАР КӨП ИЧИМДЕ АЙТЫЛБАГАН
ЧЫРАЙЫМ БАР ЖУРӨКТӨ ЖАЛТЫЛДАГАН
СЕЗИМИМ БАР? БИРӨӨГӨ АТЫН АЙТПАЙМ
ЭЛЕСИ БАР АК БАРАККА ТАРТЫЛБАГАН

АК СҮЙҮҮМ БАР ЖАН АДАМГА БИЛИНБЕГЕН
СҮЙӨМ АНЫ ЧЫН ЖҮРӨКТӨН? ЧЫН ДИЛИМДЕН
“АТЫ КИМ”-ДЕП СУРАБАГЫН? АЙТА АЛБАЙМ
АНЫН АТЫ УШАК СӨЗГӨ ИЛИНБЕГЕН!

Уулкан Ураимовна, Кадамжай району, Айдаркен

5 Пикирлер

  1. ЖАШАГЫМ ЖОК МЕНИН БОРБОР КАЛААДА.
    ҮЙ САЛСАМ ДЕЙМ БУЛАК ЧЫККАН ТАЛААГА.
    АЛ ҮЙҮМДҮ ТОЛТУРГУМ ЖОК БУЙУМГА.
    ТОЛТУРСАМ ДЕЙМ, ЭТЕК ТОЛГОН БАЛАГА! аябай соонун ыр экен мага жакты. чынннндап шаардан тажадым мен дагы.((((((((

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы