ИЗДЕЙМ СЕНИ

Апа сени көргүм келет…… (Издейм сени)

Маматалиева Гүлнара Абдуллаевна
Бул жашоодо адамга ар кандай оор тагдыр туш болот. Кээ бирлер тагдыр деп кол шилтеп койсо, кээ бирлери арманын айтып, сыноолордон чыккысы келет. 
Бүгүнкү биздин каарман эне мээримине зар болуп чоноюп, энесин издеп, үзүлбөгөн үмүт менен жол караган Чолпонай деген келин. «Апамды бир жолу көрүп, кучагында бир күн болсо да эркелеп жатып, мээримин мага төксө арманым жок эле» деп көздөрүнөн жаш агып, табылып калаар, мага жардам бергиле деп биздин редакцияга кайрылды.
Учурда эки уулдун энеси Чолпонай 5 жашынан бери апасын көрбөйт.

Ходжаева Чолпонай
Арманын айткан каарманыбыз, ыйламсырап буларды айтты: «Мен Ходжаева Чолпонай 1985-жылы Кадамжайдын Апсамат айылында туулганмын. Менин эки айлык кезимде ата-энем ажырашып кеткен экен. Андан кийин таэнемдер менен чогуу жашап, апам 1991-жылдары Бишкекте поезде проводник болуп иштеп жүргөн. Ошол кездерде башка улуттагы бир киши менен жакын мамиледе экен. Ал экөөсү түшкөн сүрөтү менде азыркыга чейин сакталууда. Ал сүрөттүн аркасына ФАИХ, ГУЛНАРА деген жазуусу бар. 21 жыл мурун, мен 5 жашка чыккан кезимде, тагыраак айтканда 1991-жылы апам үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген жок. Мен таэнемдин колунда өстүм. Таэнем тарбиялап, окутуп, турмушка узатты. Ошондон бери жолду карайм, качан апам Чолпонай кызым деп чакырып калаар бекен. Мен да элдин кыздарындай апамдын жанында жүрүп, айткан насааттарын уксам дейм».
Көзүндөгү жашын аарчып, шолоктоп кайра сөзүн улантты: «таэнем күндө жол карап жүрүп, токтогон машиналарды үмүт менен карап, кызыны көрүүгө зар болуп, быйыл 2012-жылы 87 жашында дүйнөдөн кайтты. Мен үчүн оор жоготуу болду. Апам бербеген мээримди берген, апам айтпаган акылды айткан, мен үчүн эне катары болгон таэнемда кетти. Менин көптөн-көп өксүгөнүм бир туугандарымдын жоктугу. Апа келчи, менин сөздөрүм окусаңыз келиңчи, сизди көргүм келди, суранам апа мага кабарың билгизчи».
Урматтуу окурман Чолпонайдын апасы Маматалиева Гүлнара Абдуллаевна 1964-жылдын 7-августунда Кадамжай районунда туулган.(Фамилиясын өзгөртүп алышыда мүмкүн) 1991-жыдан бери дайынсыз. Эгер ким көргөн же билген болсо төмөнкү телефондорго кабарлап коюңуздар:

+996 778 78 16 16
+996 777 73 27 60
+996 770 65 56 23
+996 (3655) 5 06 17

Электрондук дарек:
sahaba@list.ru
Азамат Абсаттаров

Жооп калтыруу

«Жогоруга кайтуу» баскычы