ЭКОНОМИКА

Акимдин журналисттер менен жолугушуусу

Өткөн жуманын ортосунда Кызыл-Кыя шаарынын акими Абиш Халмурзаев, «Мезгил жарчысы» гезитинин башкы редактору Абдуназар Жоробеков менен «Баткен таңы» гезитинин Кызыл-Кыя шаарындагы атайын өкүлү, журналист Сабыралы Абдукаримовду кабыл алып, шаардын учурдагы экономикалык өсүүсү, келечеги жана айрым бир кемчиликтери жөнүндө кеңири баарлашты.
Шаардагы курулуш, ички жолдор, айыл чарбасы, жылытуу системаларынын орчундуу маселелери жөнүндө, Жин-Жиген, Бам участокторундагы, Ак-Булак, Караван айылдарындагы жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.
Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, журналисттердин суроолоруна жооптор берилди.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы