АДАБИЯТ

Чексиз жолдогу ырлар

el_kdm_001
Москвадагы кыргыз эмгек мигранттарына коомдук ишмер Багытбек Бапанов жетектеген «Нур» көп тармактуу компаниясы жакындан жардам берип келет. Анын айрыкча «Нур реклама» газетасы, орус жеринде кыргыз тилинде чыгып, миңдеген окурмандарына ээ.
Ошондой эле басылманын алдында «Москва кайрыктары» адабий клубу да негизделген. Анда поэзия сүйүүчүлөрдүн ырлары гезит бетине жарыяланып турат.
Жакында аталган клубу тарабынан Кызылбулактык жердешибиз, Абдилат Үрүстөмтегиндин ырлары астейдил талкууга алынып, басмага сунушталды. Натыйжада анын «Чексиз Жол» аттуу туңгуч ырлар жыйнагы жарык көрдү. Бул ыр жыйнак Бишкек шаарындагы «Bakyt-print» басмаканасында басылды.
Райондук «Эл Жарчысы» газетасынын эмгек жамааты Абдилат Үрүстөмтегинге чың ден-соолук, иштерине чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.

Жаздым Досум

Жаздым досум, жан дүрбөткөн чыгарма,
Ой ширесин жан-дүйнөмдөн кайната.
Ойго салган жүрөгүмдө туйлаган,
жанбай калган талантым бар тубаса.

Кечиккендир канча ырлар жазылбай,
Жан-дүйнөмдө талант оту жагылбай.
Уюп калган түпкүрүндө жай алып,
Жаз гүлдөрү сыңарындай ачылбай.

Суна албадым сулууларга канчаланган,
Сезимимди дилимде ырга айланган.
Арнай албай жазганымды дит багып,
Бир сөзүм үтүр-үтүр кайталанган.

Жан эргиткен түркүн ырды жазайын,
Жан сырымды элге ачык ачайын.
Ыр байрагын көкөлөтүп көтөрүп,
Ыр дүйнөнүн гүл багында жашайын.

Апамдын Аянына

Эрте кетип менин бала чагымда,
Калтырыпсыз элесиңиз көз алдымда.
Күнүм өттү карегиңе жалынып,
Балам деген үнүңүзгө зарыгып.

Түбөлүк карегимде турасыз,
Мээрими төгүлүп элесиңиз жансыз.
Жандыкка жүрөгүмдү сунайын,
Тумар туткан перим менин аяным.

Бүгүн ак жибек көйнөк кийипсиз,
Бейиштен чыккан перидей перисиз,
Жүзүңүздөн ажайып нур чачып,
Алаканыңызга шам чырак жагыпсыз.

Мээримиңизге көзүмдөн жаш агып,
Апа деп айталбадым толкунданып.
Балам деп коюңузчу жаным апа,
Жүрөгүм сыздап, жалынам аяныңызга.

«Эл жарчысы»

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы