КЫРСЫК

ЖАЛГЫЗ ЭНЕ ЖАРДАМГА МУКТАЖ

el_kdm_001
Мектеп окуучуларынын жайкы каникулу башталаар замат, мугалимдер дароо курулуш иштерине кызуу киришишти. Ансыз да бул окуу жылында Кадамжай районуна караштуу Таш Дөбө орто мектебиндеги мугалимдер да, окуучулар да тегиз кыйналышты. Класстык кааналардын жетишсиздигинен окуучулар 3 кезек менен окушуп, мугалимдер да убарагерчилик тартып, айтор кыйла эле жабыр тарткан күндөр өттү. Ошондуктан кезектеги жаңы окуу жылына чейин кошумча класстык кааналарды куруп бүтүрүү агай-эжейлердин негизги жумуштарынын бири болчу.
Ушул максатты көздөгөн жалпы мектептин жамааты жогор жактан жардам күтүп олтурбай, ишти тездетүүнү өз колдоруна алышты. Аталган мектептин ошол кездеги директору Ашыржан Ирисованын уюштуруусу менен башталган иш да шыдыр жүрүп жатты. Агайлар пайдубал көтөрүп, эжекелер аларга жардамдашып кызуу жумуш жүрдү. Иш кызыган жай мезгили болгондуктан, алар кезек-кезеги менен чөп чабуу, эгин жыйноо сыяктуу үй жумуштарын бүтүрүп алууга да жетишип жатышты.
Ошол күнү да таң эрте кээ бир мугалимдер мектепке келишти. Негизинен кошумча канаалар да курулуп бүтүп эле калган. Эл өтчү жол тарапта бир кездерде урулган бир катар дубал коргон турчу. Агайлар ошону уратып, керектүү жерге иштетебиз деп чечишти. Төрт мугалим шымаланып дубалды уратууга киришти. Алардын арасында мектептин алдыңкы мугалимдеринин бири Махамат Шерматов да бар эле. Эскилиги жетип бүткөн дубал алдуу-күчтүү жигиттер бир түрткөндө эле дароо жерге урап кетти. Ажал айдап, ошол жакка өтө калган Махамат агай тарапка күп этип жыгылды. Өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп, ураган дубалдан качмакчы болгондо башы ташка барып бир тийди. Кокустукту карабайсызбы, эки бутун дубал басып калды. Аны менен бирге жүргөндөр дароо дубалдан сууруп алышып, тез жардам чакырышты. Райондук ооруканага тез жетип келишкени менен башы катуу соккудан улам кыйла жабыр тартып калган экен. Ак халатчандар алгачкы жардам көрсөтүшкөнү менен ал пайдасыз болду. Эми гана 33 жашка кирген, келечектен көптү үмүттөндүргөн жигит баарын кайгыга салып, орууканада жарык дүйнө менен коштошуп кете берди. Артында чиедей жаш балдары бар үй бүлөсү менен жалгыз уулун жоготуп, ботосун издеп боздогон апасы калды.
«Өлгөндүн артынан өлмөк жок» деген сөз бар. Анын сыңары анын артындагы жары, бала-бакырасы да өз күнүн өзү көрүп, күнүмдүк турмуштун көйгөйү менен убара болушту. Бир гана жалгыз апасына кыйын болду. Медер туткан жалгыз баласынан айрылып, көптөгөн кыйынчылыктарды көрдү. Ал аз келгенсип, табият кырсыгынан үйү жараксыз абалга келди. Өкмөт тарабынан жабыркагандарга жардам катары берилип жаткан акчаны да документ иштеринин туура эместигинен улам аликүнчө ала албай келе жатат. 78 жашка кирген Шерматова Майли эне карыса да ары-бери чуркап, баары бир өкмөттөн бир да тыйын ала албай, акыры үмүтүн үзүп, бийликке да, чоңдорго да нараазы болуп олтуруп калды.
Ырасын айтуу керек, мындайда элден айлансаң да аздык кылаар. Биздин калкыбыз кыйналган адамдарды турмуштун ызгаарына жалгыз таштап койбой, ар тараптан жардам көрсөтүп, жөлөп-таяп келет. Ушундай сапат Халмион аймагындагы элде да бар. Айылдыктар кеңешип, жардам берээр кишиси жок карыган энеге баш калкалаар үй тургузуп беришти. Ошентсе да, үйдүн кем-каржысы оңойлук менен бүтпөйт эмеспи. Бүгүнкү күндө да ал үйгө керектелчү курулуш буюмдары, баарынан да акча каражаты абадай эле зарыл болуп турат.

Ш.Эгембердиева
Кадамжай району

 

Нравится

[poll id=”6″]

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы