КООМ

ЫРЫСКЫ КЫЙГАН ЫСЫРАПКЕРЧИЛИК

el_kdm_001Өлкөбүздө акыркы кезде күч алган ысырапкорчулук, элдин чече алгыс көйгөйүнө айланды. Үйлөнүү үлпөт тою жана маркумду узатуу чоң суммадагы акчаны талап кылып, эл көзүнө болгон каражатын чачат. Жергиликтүү бийликтин жана элдердин демилгеси менен маркум узатуудагы ысырапкорчулукту кыскарткан айылдар да кездешет.
Ысырапкорчулукту кыскартуунун айынан молдокелер менен адамдар ортосунда келишпестиктер да жок эмес.
“Жаңы Агым” гезитинин өткөнкү санында Кадамжай районундагы маркум узатууга кеткен чыгымдарды иликтеп жазганбыз. Анда бир маркумду акыркы сапарга узатууга, орто эсеп менен 100 миң сом ашыгы акча талап кылынат экен. Ушул 100 миң сом акча айттырбай келген өлүмгө кайдан табылат деген суроо туулат. Ал гана эмес кредит алып өлүк көмгөн, анын айынан карызга баткандар тууралууда ММКлардан чагылдырылууда. Өлкөбүздүн 35 пайызга жакын жакыр жашаган калкыбызга ысырапкорчулук буттан сазга батырып жатат дегендер четтен чыгат.
Көп улуттар жашаган Кадамжай районунун айылдарында ар башка расмилер колдонулат. Маселен, тажик улуту жашаган Үчкоргон айылында шарият жолу менен маркум узатылат. Өлүк чыккан үйдөн даам татуу, жылкы союу деген жок. Ал эми Орозбеков айылында маркум узатууга келгенде эл экиге бөлүнгөн. Бир көчөдө 3 жолу бейшенбилик десе, бир көчөдө 2 жолу бейшенбилик. Жамандык жакшылыкта койгон нерсесин түйүп алып, үйгө алып кетүү мурдаттан эле бар. Элдик ырда айтылгандай: “Атам ашка кетти эле, куржуну толо эт келет. Энем тойго кетти эле эмчеги толо сүт келет” бул да болсо кыргыздын илгертеден жайната салынган дастарконунан кабар берет. Аксакалдар жана аялдар гана кешигин алып кетсе, азыр жаш баладан тарта, алып кетүүгө көнүшкөн. Ошол дасторкондогу бодо мал этинен тарта, спирттик ичимдиктерине чейин үй ээсинин чөнтөгүн сыйрып түшөт.
Жакында Кадамжайда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дин кызматкерлери жана укук коргоо органдары биргеликте ырапкорчулукту кыскартуу тууралуу жобо иштешип чыгып, район тургундардын талкуусуна коюлууда. Анда негизинен маркумду узатууга союлган малдар, бейшенбилик, айттык, жылдык делген салтка айланган адаттарды жөнгө салуу, үйлөнүү-үлпөт тойлордогу ысырапкорчулукту кыскартуу жагы каралган.
-Биз 80 пайыз мусулмандар түзгөн өлкөдө жашайбыз. Андыктан Куранга амал кылышыбыз керек. Куранда “Жегиле, ичкиле, ысырап кылбагыла”-деген аят бар. Ушул аят ысырапкорчулукка чекит коёт. Ысырапкорчулук күнөө. Азыр адамдар куру намыстын айынан гана өздөрүн кыйнап жатышат. Тойдо да, маркум узатууда да чоң ысырап болуп жатат. Исламда аза 3 күн. 3 күн ичинде мал союлбайт, узактан келген адамдарды коңшулары тойгозуп туруусу керек. Кыркы, элүү бири, ашы деген жок нерсе-дейт теолог Сабыр Абдурахманов.
Ал эми мугалим Мухтарова Асал, өлүк чыккан үйдө кан чыгышы зарыл. Кыргыз эзелтеден кан чыгарып келген деп эсептейт.
-Адамды тирүүсүндө сыйлаш керек. Өлгөндөн кийин мал сойгондун зарылчылдыгы жок. Бирөө жакынын жоготуп, ыйлап кыйналып жатса, бар малын союп, бар акчасын чачып жеп олтургандык жеке адамдык касиетке да туура келбейт. «Баары эл көрсүн, эл эмне дейт»?-деген түшүнүктүн артынан болуп жатат. Өткөн жакынына сооп болсун десе, бузулган жолдорду оңдосун, аялдамаларды курсун, көпүрөө курсун -дейт шаар тургуну Кутбилла Зикиряев.
Динибиз тыюу салган ысырапкорчулукту кыргыздын каада-салтына байлап алгандар, карызга батып маркум узаткандарды эске алар бекен. Үйлөнүү үлпөт тойлорундагы кортежтерден жаралган авто кырсыктарды салтка кантип байланыштыра алабыз.
Чет элдеп, бөтөн жерде пешене тер менен, жылдап кыйналып топтогон байлыгын бир күндүк той же маркум узаттуу менен жок кылып жаткандыгыбыз чындык.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы